Редакцияот 30.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2023-жылдын 30-июну № 60

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кемин, Панфилов, Нарын, Нарын шаардык, Ат-Башы, Айтматов, Тоң, Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Ала-Бука жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 16.06.2023-ж. № 56, 57) - Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши боюнча;

- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын (21.06.2023-ж. № 4, 5) - Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;

- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын (25.06.2023-ж. № 6) - Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Кудук айылдык кеңеши боюнча;

- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын (19.06.2023-ж. № 4, 5; 22.06.2023-ж. № 6, 7) - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз, Ат-Башы жана Ак-Моюн айылдык кеңештери боюнча;

- Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын (21.06.2023-ж. № 17) - Талас облусунун Айтматов районундагы Бакыян айылдык кеңеши боюнча;

- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын (16.06.2023-ж. № 18; 26.06.2023-ж. № 19) - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Б.Мамбетов жана Ак-Терек айылдык кеңештери боюнча;

- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын (23.06.2023-ж. № 7) - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;

- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын (15.06.2023-ж. № 10, 11) - Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы А.Суеркулов айылдык кеңеши боюнча;

- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын (22.06.2023-ж. № 5) - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айылдык кеңеши боюнча;

- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын (27.06.2023-ж. № 3, 4) - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылдык кеңеши боюнча;

- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын (13.06.2023-ж. № 27; 20.06.2023-ж. № 29, 30) - Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык кеңеши, Жазы айылдык кеңеши боюнча.

Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын (21.06.2023-ж. № 5) - Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;

- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын (22.06.2023-ж. № 7) - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылдык кеңеши боюнча;

- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (13.06.2023-ж. № 13) - Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;

- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын (16.06.2023-ж. № 18) - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Б.Мамбетов айылдык кеңеши боюнча.

Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кемин, Панфилов, Нарын, Ат-Башы, Айтматов, Тоң, Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Ала-Бука жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Панфилов, Ат-Башы, Нарын шаардык жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кемин, Панфилов, Нарын, Ат-Башы, Айтматов, Тоң, Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Ала-Бука жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Кемин, Панфилов, Нарын, Ат-Башы, Айтматов, Тоң, Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Ала-Бука жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч.Койчукеевге жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

Н.Шайлдабекова

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 60 токтомунун

1-тиркемеси

Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А.

Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз

Чүй облусу

Кемин району

1

Орловка шаардык

Джаналиев Айбек Темирович (2) "Патриот Ынтымагы" депутаттык фракциясы

Кемин АШК, № 56, 16.06.2023-ж. (07.06.2023-ж. - өз арызы)

Панфилов району

2

Кайыңды шаардык

Егембердиев Урмат Каратаевич (1) "Ыйман Нуру" депутаттык фракциясы

Панфилов АШК, № 4, 21.06.2023-ж. (19.05.2023-ж. - өз арызы)

Нарын облусу

Нарын району

3

Ак-Кудук айылдык

Жумабай кызы Нуржан

Нарын АШК, № 6, 25.06.2023-ж. (07.06.2023-ж. - өз арызы)

Ат-Башы району

4

Ак-Муз айылдык

Мукай кызы Айсулуу

Ат-Башы АШК, № 7, 22.06.2023-ж. (08.06.2023-ж. - өз арызы)

5

Жумамүдүнов Самат Дүйшөнбекович

Ат-Башы АШК, № 5, 19.06.2023-ж. (26.06.2023-ж. - өз арызы)

6

Ат-Башы айылдык

Каденов Талантбек

Ат-Башы АШК, № 4, 19.06.2023-ж. (25.05.2023-ж. - өз арызы)

7

Ак-Моюн айылдык

Ыбышов Улан Майрамбекович

Ат-Башы АШК, № 6, 22.06.2023-ж. (28.05.2023-ж. - өз арызы)

Талас облусу

Айтматов району

8

Бакыян айылдык

Абылгазиев Мирлан Молдалиевич

Айтматов АШК, № 17, 21.06.2023-ж. (20.06.2023-ж. - өз арызы)

Ысык-Көл облусу

Тоң району

9

Б.Мамбетов айылдык

Султанова Чолпон Космосбековна

Тоң АШК, № 18, 16.06.2023-ж. (01.06.2023-ж. - өз арызы)

10

Тентиев Аскат Амантурович

Тоң АШК, № 18, 16.06.2023-ж. (22.05.2023-ж. - өз арызы)

11

Ак-Терек айылдык

Турсун уулу Каныбек

Тоң АШК, № 19, 26.06.2023-ж. (15.06.2023-ж. - өз арызы)

Жалал-Абад облусу

Кара-Көл шаары

12

Кара-Көл шаардык

Токтомушов Эгемен Токтомушевич (7) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы

Кара-Көл АШК, № 7, 23.06.2023-ж. (20.06.2023-ж. - өз арызы)

Токтогул району

13

А.Суеркулов айылдык

Таалайбек уулу Курсант

Токтогул АШК, № 10, 15.06.2023-ж. (12.06.2023-ж. - өз арызы)

Аксы району

14

Ак-Жол айылдык

Жекенов Мелис Турусбекович

Аксы АШК, № 5, 22.06.2023-ж. (17.06.2023-ж. - өз арызы)

Ала-Бука району

15

Ак-Коргон айылдык

Дозалиев Талантбек Акмырзаевич

Ала-Бука АШК, № 3, 27.06.2023-ж. (23.06.2023-ж. - өз арызы)

Ош облусу

Өзгөн району

16

Өзгөн шаардык

Каримова Таджихан (3) "КСДП" депутаттык фракциясы

Өзгөн АШК, № 27, 13.06.2023-ж. (каза болгондугуна байланыштуу)

17

Жазы айылдык

Каракозуев Пратали Нематилаевич

Өзгөн АШК, № 29, 20.06.2023-ж. (20.06.2023-ж. - өз арызы)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 60 токтомунун

2-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А.

Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз

Чүй облусу

Панфилов району

1

Кайыңды шаардык

Бегалиев Батырбек Асылбекович (5) "Ыйман Нуру" депутаттык фракциясы

Панфилов АШК, № 5, 21.06.2023-ж. (02.06.2023-ж. - өз арызы)

2

Дайырбеков Айбек Даирбекович (7) "Ыйман Нуру" депутаттык фракциясы

Панфилов АШК, № 5, 21.06.2023-ж. (05.06.2023-ж. - өз арызы)

3

Байтиков Жалил Ормонович (8) "Ыйман Нуру" депутаттык фракциясы

Панфилов АШК, № 5, 21.06.2023-ж. (06.06.2023-ж. - өз арызы)

Нарын облусу

Ат-Башы району

4

Ак-Муз айылдык

Казиева Гүлжан Абдрахмановна

Ат-Башы АШК, № 7, 22.06.2023-ж. (19.06.2023-ж. - өз арызы)

Нарын шаары

5

Нарын шаардык

Шайыкбек уулу Айбек (37) "Улуу Кыргызстан" депутаттык фракциясы

Нарын шаардык АШК, № 13, 13.06.2023-ж. (12.06.2023-ж. - өз арызы)

Ысык-Көл облусу

Тоң району

6

Б.Мамбетов айылдык

Бектуров Ырыскул Советович

Тоң АШК, № 18, 16.06.2023-ж. (02.06.2023-ж. - өз арызы)

7

Мелис уулу Амантур

Тоң АШК, № 18, 16.06.2023-ж. (07.06.2023-ж. - өз арызы)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 60 токтомунун

3-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А.

Иштеген жери, ээлеген кызматы

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Чүй облусу

Кемин району

1

Орловка шаардык

Ажикеев Чынгыш Эмилбекович (1) "Патриот Ынтымагы" саясий партиясы

"Алтынкен" ЖЧКсы, айдоочу

Кемин АШК, № 57, 16.06.2023-ж.

Панфилов району

2

Кайыңды шаардык

Капалов Жанарбек Нуржанович (10) "Ыйман Нуру" саясий партиясы

Убактылуу иштебейт

Панфилов АШК, № 5, 21.06.2023-ж.

Нарын облусу

Нарын району

3

Ак-Кудук айылдык

Султаналиев Майрамбек Муканбетович

Дыйкан чарба мүчөсү

Нарын АШК, № 6, 25.06.2023-ж.

Ат-Башы району

4

Ак-Муз айылдык

Турдубаева Гүлмира Жумабаевна

Ат-Башы районундагы Жалпы дарыгерлер практика борбору Ак-Муз филиалы, медайым

Ат-Башы АШК, № 7, 22.06.2023-ж.

5

 

Мокешов Эркинбек Шайлообекович

Убактылуу иштебейт

Ат-Башы АШК, № 5, 19.06.2023-ж.

6

Ат-Башы айылдык

Өмүрбек уулу Уланбек

"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ат-Башы филиалынын жетектөөчү адиси, картограф

Ат-Башы АШК, № 4, 19.06.2023-ж.

7

Ак-Моюн айылдык

Жунус уулу Султан

Убактылуу иштебейт

Ат-Башы АШК, № 6, 22.06.2023-ж.

Талас облусу

Айтматов району

8

Бакыян айылдык

Иманов Алмазбай Кеңешбекович

Дыйкан чарба мүчөсү

Айтматов АШК, № 17, 21.06.2023-ж.

Ысык-Көл облусу

Тоң району

9

М.Мамбетов айылдык

Турусбеков Адилет Бактыбекович

А.Көлбаев атындагы мектеп, мугалим

Тоң АШК, № 18, 16.06.2023-ж.

10

Ак-Терек айылдык

Боталаев Азамат Кадырбекович

Дыйкан

Тоң АШК, № 19, 26.06.2023-ж.

Жалал-Абад облусу

Кара-Көл шаары

11

Кара-Көл шаардык

Молдокеев Жылдызбек Ыманбекович (19) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы

"ТАДЖИКСГЭМ" ААКсынын КРда филиалы, айдоочу

Тоң АШК, № 17, 02.06.2023-ж.

Токтогул району

12

А.Суеркулов айылдык

Стамкулова Замира Касымалиевна

"Сезим келечеги" бала бакчасы, медайым

Токтогул АШК, № 11, 15.06.2023-ж.

Аксы району

13

Ак-Жол айылдык

Абылкасым уулу Нурсултан

М.Сыдыков атындагы орто мектеби, дене тарбия мугалими

Аксы АШК, № 5, 22.06.2023-ж.

Ала-Бука району

14

Ак-Коргон айылдык

Хатамов Адхамжан Эргашович

Жеке ишкер

Ала-Бука АШК, № 4, 27.06.2023-ж.

Ош облусу

Өзгөн району

15

Өзгөн шаардык

Эргашева Гулбахор Абдулхамитовна (20) "КСДП" саясий партиясы

Өзгөн ш. жалпы дарыгерлер практика борбору, лаборант

Өзгөн АШК, № 27, 13.06.2023-ж.

16

Жазы айылдык

Калматов Тажидин Чегирович

Жеке ишкер

Өзгөн АШК, № 30, 20.06.2023-ж.