Редакцияот 17.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2023-жылдын 17-июлу № 68

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ош, Кара-Суу, Сузак, Кемин, Ак-Талаа жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Ош аймактык шайлоо комиссиясынын (26.06.2023-ж. № 3) - Ош шаардык кеңеши боюнча;

- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (14.07.2023-ж. № 16) - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылдык кеңеши боюнча;

- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын (10.07.2023-ж. № 58, 59) - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы С.Атабеков айылдык кеңеши боюнча;

- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын (11.07.2023-ж. № 58, 59) - Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаардык кеңеши боюнча;

- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын (14.07.2023-ж. № 93) - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылдык кеңеши боюнча;

- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (14.07.2023-ж. № 14) - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепке айылдык кеңеши боюнча.

Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (14.07.2023-ж. № 16) чечими келип түштү.

Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош, Кара-Суу, Сузак, Кемин, Ак-Талаа жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ош, Кара-Суу, Сузак, Кемин жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Ош, Кара-Суу, Сузак, Кемин жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч.Койчукеевге жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

Н.Шайлдабекова

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 68 токтомунун

1-тиркемеси

Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А.

Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз

Ош шаары

1

Ош шаардык

Жээналиев Тынарбек Тайтокурович (8) "Улуттар Биримдиги" депутаттык фракциясы

Ош шаардык АШК, № 3, 26.06.2023-ж. (20.06.2023-ж. - өз арызы)

Ош облусу

Кара-Суу району

2

Савай айылдык

Абдумалик уулу Нурбек

Кара-Суу АШК, № 16, 14.07.2023-ж. (10.07.2023-ж. - өз арызы)

Жалал-Абад облусу

Сузак району

3

С.Атабеков айылдык

Бакиров Жалалидин Камалидинович

Сузак АШК, № 58, 10.07.2023-ж. (04.07.2023-ж. - өз арызы)

Чүй облусу

Кемин району

4

Орловка шаардык

Кабаева Сымбат Айбековна (3) "Тынчтык" депутаттык фракциясы

Кемин АШК, № 58, 11.07.2023-ж. (02.07.2023-ж. - өз арызы)

Нарын облусу

Ак-Талаа району

5

Кара-Бүргөн айылдык

Руслан уулу Долон

Ак-Талаа АШК, № 93, 14.07.2023-ж. (07.07.2023-ж. - өз арызы)

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу району

6

Тепке айылдык

Дөкөнбаев Чынгыз Сагымбекович

Ак-Суу АШК, № 14, 14.07.2023-ж. (каза болгондугуна байланыштуу, 11.09.2022-ж.)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 68 токтомунун

2-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А.

Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз

Ош облусу

Кара-Суу району

1

Савай айылдык

Шекербек уулу Акылбек

Кара-Суу АШК, № 16, 14.07.2023-ж. (13.07.2023-ж. - өз арызы)

2

Базаров Марат Байышович

Кара-Суу АШК, № 16, 14.07.2023-ж. (13.07.2023-ж. - өз арызы)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 68 токтомунун

3-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А.

Иштеген жери, ээлеген кызматы

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Ош шаары

1

Ош шаардык

Эргешов Алымбек Калмурзаевич (10) "Улуттар Биримдиги" саясий партиясы

Убактылуу иштебейт

Ош АШК, № 3, 26.06.2023-ж.

Ош облусу

Кара-Суу району

2

Савай айылдык

Мамасалиев Искендер Бурканбекович

Убактылуу иштебейт

Кара-Суу АШК, № 16, 14.07.2023-ж.

Жалал-Абад облусу

Сузак району

3

С.Атабеков айылдык

Боркошев Замирбек Таалайбекович

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуу кызматы бөлүмүнүн жетектөөчү инженери

Сузак АШК, № 59, 10.07.2023-ж.

Чүй облусу

Кемин району

4

Орловка шаардык

Салпагарова Зухра Ильясовна (5) "Тынчтык" саясий партиясы

Үй-бүлөлүк дарыгер

Кемин АШК, № 59, 11.07.2023-ж.

Нарын облусу

Ак-Талаа району

5

Кара-Бүргөн айылдык

Жузупбеков Таалайбек Казыбекович

Дыйкан чарбанын мүчөсү

Ак-Талаа АШК, № 93, 14.07.2023-ж.