Редакцияот 21.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 21-декабры № 1747-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракциясы жана депутаттык тобу жөнүндө типтүү жоболорду бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракциясы жана депутаттык тобу жөнүндө типтүү жоболор бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларына жана депутаттык топторуна тиешелүү парламенттик фракциялар жана депутаттык топтор жөнүндө жоболорду иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракциясы жана депутаттык тобу жөнүндө типтүү жоболорду негиз катары алуу сунушталсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

Н. О. Сыдыгалиев