Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 1747-VIII токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык тобу жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Депутаттык топ - бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракциялардын курамына кирбеген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) депутаттарынын бирикмеси.
2. Депутаттык топ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Депутаттык топ анын түзүлгөнү, аталышы, тизмедеги курамы, жетекчиси жөнүндө Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот. Депутаттык топтун чечими жазуу жүзүндө төрагалык кылуучуга берилет.
4. Депутаттык топ өз ишин элдин кызыкчылыгында өз ыйгарым укуктарын аткаруу, элдин жана өз шайлоочуларынын алдында жоопкерчиликте болуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоо принциптеринде жүзөгө ашырат.
5. Депутаттык топ өз ишин Жогорку Кеңештин VII-чакырылышынын мезгилинде жүзөгө ашырат.
2. Депутаттык топко мүчөлүк Депутаттык топтун мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
6. Бир мандаттуу округ боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык топтун мүчөсү болуп саналат.
7. Бир мандаттуу округ боюнча шайланган депутат депутаттык топтун курамына кирүүгө укуктуу. Аны депутаттык топтун курамына кабыл алуу жөнүндө чечим ошол депутаттык топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.
8. Депутаттык топко мүчөлүк төмөнкү негиздер боюнча токтотулат:
1) ал депутаттык топтон чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, этика ченемдерин сактабагандык үчүн, депутаттык топтун беделин түшүргөн аракеттер (аракетсиздиктер) үчүн, депутаттык топтун мүчөсүнүн статусуна туура келбеген иштерди жасагандык үчүн;
3) Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганда;
4) башка депутаттык топтун же парламенттик фракциянын курамына киргенде.
9. Депутаттык топтун мүчөсүн анын курамынан чыгаруу жөнүндө чечим депутаттык топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
10. Депутатты депутаттык топтон чыгаруу Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиз болуп саналбайт.
11. Депутаттык топ төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Жогорку Кеңеш тарабынан каралып жаткан маселелер боюнча саясий позициясын билдирүүгө, ошондой эле өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялоого;
2) депутаттык топтун өкүлүнө депутаттык топтун атынан билдирүүлөр, баяндамалар, кошумча баяндамалар, билдирмелер жана сунуштар менен сөз сүйлөөгө укук берүүгө;
3) башка фракциялар менен биргелешкен жыйналыштарга катышууга, фракциянын жыйналыштарына кызыкдар жактарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен консультация жүргүзүүгө;
4) Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу иш планы жана ар жылдык иш планы боюнча сунуштарды киргизүүгө;
5) Жогорку Кеңештин Төрагасынын же анын орун басарынын кызмат ордуна, комитеттин төрагасынын же комитеттин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо үчүн депутаттык топтун мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды чакыртып алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
6) Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана убактылуу комиссияларынын курамына депутаттык топтун мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды чакыртып алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
7) бардык фракциялардын пропорциялуу өкүлчүлүгүнүн принцибин сактоо менен, парламенттик делегациялардын, достук топторунун курамдарына депутаттык топтун мүчөлөрүн киргизүү (чакыртып алуу) боюнча сунуштарды киргизүүгө;
8) айрым маселелерди иликтөө боюнча жумушчу топторду түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
9) парламенттик угууларды өткөрүү жөнүндө Жогорку Кеңешке жана комитеттерге сунуштарды киргизүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4, 6-11-пункттарында каралган негиздер боюнча депутаттык топтун мүчөлөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
11) Жогорку Кеңештин жыйналышынын протоколуна киргизүү үчүн талкууланып жаткан маселе боюнча депутаттык топтун өзгөчө пикирин берүүгө;
12) депутаттык топтун материалдарын жана документтерди жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого, ошондой эле аларды Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырууга;
13) депутаттык топтун мүчөлөрүнүн аракеттерине шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана ички топтук тартипти күчөтүү максатында зарыл чараларды көрүүгө;
14) концепцияны, максаттарды жана милдеттерди кыскача баяндоо менен мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө Министрлер Кабинетине мыйзам чыгаруу сунушун жиберүүгө;
15) Жогорку Кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын, комитетти төрагасынын же комиссиянын төрагасынын орун басарынын кызмат ордунан өз өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү тууралуу маселени демилгелөөгө;
16) депутаттык топ жөнүндө жобого ылайык өзүнүн мүчөлөрүнө таасир этүү чараларын көрүүгө;
17) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка укуктарды пайдаланууга.
12. Депутаттык топтун мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) депутаттык топтун жетекчи органдарына жана кызмат орундарына шайлоого жана шайланууга;
2) депутаттык топ жөнүндө жоболорду иштеп чыгууга жана бекитүүгө катышууга;
3) сунуштарды киргизүүгө жана депутаттык топтун компетенциясына кирген кандай маселени болбосун кароого катышууга;
4) депутаттык топтун жыйналышынын күн тартиби боюнча сунуштарды киргизүүгө;
5) мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлорун, депутаттык суроо-талаптарды, билдирүүлөрдү жана башка документтерди киргизүүгө;
6) Жогорку Кеңеште каралууга тийиш маселелер боюнча депутаттык топтун позициясын түзүү боюнча талкууга катышууга жана сунуштарды киргизүүгө;
7) депутаттык топтун тапшырмаларына ылайык Жогорку Кеңештин жыйналыштарында, комитеттин жана убактылуу комиссиянын жыйналыштарында аларда каралып жаткан маселелер боюнча депутаттык топтун позициясын жарыялоо үчүн анын атынан чыгып сүйлөөгө.
13. Депутаттык топтун мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын", ушул Жобонун талаптарын, тартипти жана этиканын ченемдерин сактоого;
2) Жогорку Кеңештин, комитеттин, депутаттык топтун, комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине катышууга;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттериндеги, комиссияларындагы жана башка органдарындагы өзүнүн иши жөнүндө депутаттык топко маалымат берүүгө;
4) депутаттык топ белгиленген позицияга карама-каршы келген, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып сүйлөөдөн жана сүйлөөдөн алыс болууга;
5) Жогорку Кеңештин пленардык жыйналыштарында, Жогорку Кеңештин комитеттери менен комиссияларынын жыйналыштарында добуш берүүдө депутаттык топ иштеп чыккан позицияны карманууга;
6) Жогорку Кеңештин пленардык жыйналышында, комитеттин же комиссиянын жыйналышында каралууга тийиш болгон тигил же бул маселе боюнча депутаттык топтун макулдашылган позициясына ылайык келбеген өзгөчө пикир бар экендиги жөнүндө депутаттык топко күн мурунтан маалымдоого;
7) депутаттык топтун чечимдерин аткарууга.
3. Депутаттык топтун жетекчилиги
14. Депутаттык топко - ал топ тарабынан шайланган жетекчи башчылык кылат.
15. Депутаттык топтун жетекчисине талапкер депутаттык топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча сунуш кылынат жана алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
16. Депутаттык топтун жетекчисинин ыйгарым укуктары:
1) Жогорку Кеңеште жана анын чегинен тышкары жерде депутаттык топтун атынан иш алып барат;
2) депутаттык топтун ишин уюштурат жана координациялайт;
3) депутаттык топтун чечимдерине кол коёт;
4) топтук ички тартиптин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;
5) депутаттык топтун чечими боюнча Жогорку Кеңештин түзүмүнө талапкерлерди сунуш кылат;
6) депутаттык топтун чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
7) депутаттык топтун чечими боюнча жыйналышта талкууланып жаткан маселе боюнча алардын саясий позициясын жарыялайт;
8) депутаттык топтун Жогорку Кеңештин жетекчилиги жана мамлекеттик бийликтин башка бутактары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
9) эсептөө комиссиясынын жана добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссиянын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат;
10) Жогорку Кеңештин, комитеттердин, убактылуу комиссиялардын жыйналыштарына, ошондой эле Жогорку Кеңештин иш-чараларына депутаттык топтун мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат;
11) депутаттык топтун катчылыгынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерди сунуштайт, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте аны кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет.
17. Депутаттык топтун жетекчиси бир эле учурда Төраганын, Төраганын орун басарынын, комитеттин жана убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын кызмат орундарын ээлей албайт.
18. Депутаттык топтун жетекчисинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда токтотулат:
1) депутаттык топтун жетекчисинин ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө ал жазуу жүзүңдө арыз бергенде;
2) депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганда.
3) депутаттык топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча жана алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынбаган учурда.
19. Депутаттык топтун жетекчиси жок болгон учурда анын милдеттерин депутаттык топтун жетекчисинин орун басары убактылуу аткарат.
20. Депутаттык топтун жетекчисинин орун басарынын талапкерлиги депутаттык топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча көрсөтүлөт жана алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
4. Депутаттык топтун ишин уюштуруу
21. Депутаттык топтун ишин камсыз кылууну депутаттык топтун катчылыгы жүзөгө ашырат, ал Аппараттын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат, депутаттык топ иштеп турган мезгилинде иштейт жана өз ишин Аппарат жөнүндө жобонун, ошондой эле депутаттык топтун жетекчисинин сунушу боюнча депутаттык топ бекитүүчү депутаттык топтун катчылыгы жөнүндө жобонун негизинде жүзөгө ашырат.
22. Шайлоочулар менен иштөө күндөрүн, Жогорку Кеңештин жана комитеттердин жыйналыштарын кошпогондо, депутаттык топтордун жыйналыштары - жума күндөрү, ал эми зарыл болгондо башка күндөрү өткөрүлөт.
23. Депутаттык топтун жыйналышы фракциянын ар айлык иш планынын негизинде жыйналыштын лидери сунуш кылган күн тартибин бекитүү менен башталат.
24. Депутаттык топтун жыйналыштары алардын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышканда чечим кабыл алууга укуктуу. Депутаттык топтун чечими анын катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана ага депутаттык топтун жетекчиси кол коёт.
5. Корутунду жоболор
25. Депутаттык топ өз ишин төмөнкү учурларда токтотот:
1) Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулганда;
2) Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатканда;
3) эгерде депутаттык топтун саны 7 депутаттан аз болсо.
27. Депутаттык топтун ишинин ушул Жобо менен регламенттелбеген маселелери "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.