Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022 -жылдын 7-декабры № 20/6
Жергиликтүү салыктарды киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» 2022-жылдын 18-январындагы №4-мыйзамынын 3-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү » Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 1-январынан баштап Чүй айыл өкмөтү боюнча төмөндөгү жергиликтүү мүлк салыктары жана жыйымдары киргизилсин.
1. Жергиликтүү мүлк салыктары:
1. Турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгы (турак жай жана турак эмес жай);
2. Турак эмес имаратка, курулмага жана жайга ;
3. Үй жанындагы короо-жайга жана багбанчылык-чарбак жер тилкесинин мүлк салыгы.
4. Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер тилкесинин мүлксалыгы;
5. Калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгы;
6. Унаа каражатынын мүлк салыгы.
2. Жыйымдар:
1.Таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйым.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык кенешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жана Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулаймановго тапшырылсын.
Төрага | Р.А.Алиев |