Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022 -жылдын 7-декабры № 20/8
Жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө
Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2022-жылдын 13-октябрындагы № 651/ЕО-22 шаар куруу корутундусунун жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 1-декабрындагы № 627-буйругу менен Чүй райондук мамлекеттик администрациясына оперативдик башкарууга өткөрүлүп берилген актысынын негизинде,«Чүй айылынын Султан Ибраимов көчөсүнүн н/ж Ветгородок аймагында жайгашкан административдик (өндүрүштүк) багыттагы жер тилкесинин багытын турак жайларды куруу багытына өзгөртүү жөнүндөгү» материалдарын карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесин «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү » Мыйзамынын 34 - беренесин жетекчиликке алуу менен Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айылынын Султан Ибраимов көчөсүнүн н/ж Ветгородок аймагында жайгашкан административдик (өндүрүштүк) багыттагы жалпы аянты 3010,0 ч. м. жер тилкесинин багыты турак жайларды куруу багытына өзгөртүлсүн.
2. Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын адистеринин долбоордо белгилеген көрсөтмөлөрүн так аткарууга Чүй райондук мамлекеттик администрациясы милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалындагы жерди каттоо боюнча иш-кагаздарына өзгөртүү киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комитеттин төрагасы жана Э. Сакаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р.А.Алиев |