Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айылдык кеңешинин XXXI чакырылышы 6-сессиясы
2024-жылдын 23-июлу № 1
Учкун айыл аймагынын (Куланак,Учкун,Сары-Ой) жер фондусунун инвентаризация материалдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл аймагы боюнча, Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартибин бекитүү тууралуу” №154-НИ буйругунун жана “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентризациялоо материалдарын корректировкалоо жөнүндө Көрсөтмөнүн негизинде, Учкун айыл аймагынын 24.08.2023-жылдагы №134 буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун, Жер фондусун инвентаризация материалдарына түзөтүү (корректировка) иштеринде киргизилген факт жүзүндөгү өзгөрүүлөрүн карап чыгып жана талкуулап, Учкун айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Чой-Жап участкасындагы Ат-Башы району менен талаш 707 га жайыт жер аянтынан башка Учкун айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарына түзөтүү (корректировка) иштеринде киргизилген факт жүзүндөгү өзгөрүүлөр кабыл алынсын.
2.Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Чой-Жап участкасындагы Ат-Башы району менен талаш 707 га жайыт жер аянтына союз кезде салынган Куланак айылына тиешелүү сарайларга атайын белги коюлбагандыктан,тиешелүү органдар менен такталмайынча,ошол 707 га жайыт жер аянтын инвентаризацияга өзгөртүүлөрдү киргизүү иштерин токтотуп туруу Кыргызмамжердолбоорлоо жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалына жана Кадастр жер ресурстары агенттигинин Нарын филиалына тапшырылсын.
3. Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Бектуровго Учкун айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарын Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна сунуштоо тапшырылсын.
4.Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Тостоков |