Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 3-июлу № 396-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттер менен Түркмөнстандын ортосундагы Эл аралык автомобилдик ташуулар жаатында кызматташтык жана электрондук уруксатты (е-Permit) пайдалануу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров
|