Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айылдык кеңешинин XXXI чакырылышы 6-сессиясы
2024-жылдын 23-июлу № 2
Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак өрөөнүнүн борбордук сугаруу обьектисинин курулушуна жалпы 28,85 га айыл чарба категориясындагы жер аянтын суу фонду жерлер категориясына которууга макулдук берүү
Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Учкун айылдык кенеши токтом кылат:
1. Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак өрөөнүнүн борбордук сугаруу обьектисинин курулушуна жалпы 28,85 га айыл чарба категориясындагы жер аянтын суу фонду жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровго тапшырылсын.
Төрага | К. Тостоков |