Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айылдык кеңешинин XXXI чакырылышы 6-сессиясы
2024-жылдын 23-июлу № 3
Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар участкасынын Нарын дарыясы тарабындагы №291,№324 контурларындагы 13 га жер аянтына калктуу конуштуу категориясына которууга чыккан Учкун айылдык кенешинин 2024-жылдын 19-июнундагы №2 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровдун жана Учкун айылынын айыл башчысы Ж.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Учкун айылдык кенеши токтом кылат:
1. Учкун айылындагы Көк-Жар участкасынын Нарын дарыясы тарабынан №291,№324 контурларындагы 13 га жер аянтына калктуу конуштуукатегориясына которууга макулдук берүү боюнча Учкун айылдык кенешинин ХХХ I чакырылышынын 5-кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 19-июнундагы №2 токтому жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп,http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровго тапшырылсын.
Төрага | К. Тостоков |