Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айылдык кеңешинин XXXI чакырылышы 6-сессиясы
2024-жылдын 23-июлу № 4
Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар участкасынын Нарын дарыясы тарабынан №279,№286,№291,№432 контурларындагы жалпы 43,04 га жер аянтына калктуу конуштуу категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровдун жана Учкун айылынын айыл башчысы Ж.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Учкун айылдык кенеши токтом кылат:
1. Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар участкасынын Нарын дарыясы тарабынан №279,№286,№291,№432 контурларындагы жалпы 43,04 га жер аянтына калктуу конуштуукатегориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп,http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровго тапшырылсын.
Төрага | К. Тостоков |