Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айылдык кеңешинин XXXI чакырылышы 6-сессиясы
2024-жылдын 23-июлу № 6
Учкун айыл аймагындагы Куланак айылындагы Касымаалы ажы көчөсү менен Макый ата көчөсүнүн кесилишиндеги 4-05-05-1001-0638 кодунда жайгашкан эски мектептин зданиесин жанындагы жер участогу менен (жалпы 0,4311 га жер) кошо муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровдун жана Учкун айылынын айыл башчысы Ж.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Учкун айылдык кенеши токтом кылат:
1. Учкун айыл аймагындагы Куланак айылындагы Касымаалы ажы көчөсү менен Макый ата көчөсүнүн кесилишиндеги 4-05-05-1001-0638 кодунда жайгашкан эски мектептин зданиесин жанындагы жер участогу менен (жалпы 0,4311 га жер) кошо муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп,http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровго тапшырылсын.
Төрага | К. Тостоков |