Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырма экинчи сессиясы
2024-жылынын 29-июлу № 22-4
“Кызыл-Туу айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 20-апрель 2023-жылдагы №154-б буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жер фондуна инвентаризация жүргүзүү тартиби жөнүндөгү” Жобонун негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. “Кыргызмамжердолборлоо” Жалал-Абад облустук жерге жайгаштыруу экспедициясы жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Кызыл-Туу айыл аймагынын жер фондусунун инветаризациялоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго милдетендирилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |