Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-августу № 97
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Балыкчы, Нарын шаардык жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү негиздер боюнча чечимдери келип түштү:
1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
- Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 02.08.2024-ж. № 7 - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңеши боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 03.08.2024-ж. № 20 - Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;
- Кара-Куль аймактык шайлоо комиссиясынын 04.08.2024-ж. № 21 - Жалал-Абад облусунун Кара-Куль шаардык кеңеши боюнча;
2. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 08.08.2024-ж. № 8 - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңеши боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 07.08.2024-ж. № 21 - Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;
- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 04.08.2024-ж. № 22 Жалал-Абад облусунун Кара-Куль шаардык кеңеши боюнча;
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы, Нарын шаардык жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Балыкчы, Нарын шаардык жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Балыкчы, Нарын шаардык жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 16-августундагы № 62 (3616) саны менен жарыяланды
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 14-августундагы № 97 токтомуна 1-тиркеме |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ысык-Көл облусу | |||
Балыкчы шаары | |||
1 | Балыкчы шаардык | Коноев Бектур Эмилбекович (4) "Өнүгүү Прогресс" депутаттык фракциясы | Балыкчы АШК, № 7, 02.08.2024-ж. (02.08.2024-ж. өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Нарын шаары | |||
2 | Нарын шаардык | Сыдыгалиев Кенжебек Мукамбетович (10) "Өнүгүү Прогресс" депутаттык фракциясы | Нарын шаардык АШК, № 20, 03.08.2024-ж. (24.07.2024-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Кара-Көл шаары | |||
3 | Кара-Көл шаардык | Суранов Эрнист Келгембаевич (47) "Замандаш" депутаттык фракциясы | Кара-Көл АШК, № 21, 04.08.2024-ж. (05.07.2024-ж. өз арызы) |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
Б. Макешов |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 14-августундагы № 97 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
1 | Балыкчы шаардык | Табалдиев Улан Дюшембаевич (10) "Өнүгүү Прогресс" саясий партиясы | ГП "Кыргыз комур" кароолчу | Балыкчы АШК, № 8, 08.08.2024-ж. |
Жайлообеков Алтынбек Жайлообекович (11) "Өнүгүү Прогресс" саясий партиясы | убактылуу иштебейт | Балыкчы АШК, № 8, 08.08.2024-ж. | ||
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
2 | Нарын шаардык | Жамбаев Эрлан Жамбаевич (11) "Өнүгүү Прогресс" саясий партиясы | жеке ишкер | Нарын шаардык АШК, № 21, 07.08.2024-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Кара-Көл шаары | ||||
3 | Кара-Көл шаардык | Ратбеков Данил Ратбекович (32) "Замандаш" саясий партиясы | убактылуу иштебейт | Кара-Көл АШК, № 22, 04.08.2024-ж. |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
Б. Макешов |