Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырма биринчи сессиясы
2024-жылынын 03-июлу № 21-2
““Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу ” жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренине ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2024-жылдын 22-февралындагы отурумунун протоколуна ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/398 02-июль 2024-жылдагы кайрылуусунун негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак айылындагы Р. Кулбараков атындагы көчөнүн калктуу конуш менен жол аралыгындагы жайгашкан 447 м2 жер аянты муниципалдык менчике алынсын.
2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |