Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырма биринчи сессиясы
2024-жылынын 03-июлу № 21-3
“Кызыл-Туу айыл аймагында биотермикалык чуңкур “яма Беккари” куруу жөнундө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,12,13,15,25,26,30,31-беренелерине, Кыргыз Республикасынын №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/397 02-июль 2024-жылдагы кайрылуу катын негиздеп, айылдык кеңештин айыл чарба туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак айылынын Осумбек булак участкасын №93 контурундагы 0,4 га жер аянтынын 0,35 га жерин “Айыл чарба багытындагы” жерлери категориясынын жайыт жерлери түрүнөн, ошондой эле 0,05 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы” жерлери категориясынын курулуш алдындагы жерлери түрүнөн “Өнөр жайынын, тарнспорттун, байланыштын, коргоонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которулгандан кийин, жер аянтына биотермикалык чуңкурун “яма Беккари” куруу үчүн макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго жүктөлсүн жана мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдоо жагы тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |