КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 22-августу № 491-т
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аткаруусун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аткаруу бийлигинин органдары менен биргеликте 2024-жылдын 1-сентябрынан 2025-жылдын 1-февралына чейин мыйзамдарды аткаруунунмодулун (системасын) киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырсын.
2. Пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволор:
1) туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу боюнча талаптагыдай ишти камсыз кылсын;
2) мыйзамдарды аткаруу системасында актуалдаштырылган маалыматты толтурууну камсыз кылсын;
3) мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда мыйзам долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга же иштелип чыгууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери жөнүндө маалыматты негиздеме-маалымкатка киргизүүнү камсыз кылсын;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) аткаруу бийлигининоргандарынын кызматкерлерин мыйзамдарды аткаруу системасын колдонуу боюнча окутууну уюштурсун;
2) мыйзамдарды аткаруу системасынын ишин техникалык коштоону камсыз кылсын;
3) ай сайын, ар бир айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мыйзамдарды аткаруу системасын пилоттоонун жүрүшү жөнүндө маалыматты киргизсин;
4) мыйзамдарды аткаруу системасын пилоттоону аяктоонун жыйынтыгы боюнча бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мыйзамдарды аткаруу системасын туруктуу негизде киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын (мындан ары – аткаруу бийлигинин органдары) мыйзамдарды аткаруу модулу (системасы) (мындан ары – мыйзамдарды аткаруу системасы) аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселелерин жөнгө салат.
2. Мыйзамдарды аткаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары – Министрлер Кабинети) тапшырмаларын ишке ашыруу процессин, ыйгарым укуктуу органдардын өзүнүн ченемдик жана ченемдик эмес мүнөздөгү чечимдерин (мындан ары – Министрлер Кабинетинин чечимдери) Кыргыз Республикасынын кабыл алынып жаткан мыйзамдарына (мындан ары – мыйзамдар) ылайык келтирүүнү билдирет.
Министрлер Кабинетинин, ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерин мыйзамдарга ылайык келтирүү Министрлер Кабинетинин, ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерин белгиленген тартипте иштеп чыгуу, илгерилетүү жана кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
3. Мыйзамдарды аткаруу системасы мыйзамдарды ишке ашырууга кабыл алынган/кабыл алынбаган жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (мындан ары – Бирдиктүү портал) жайгаштырылуучу Министрлер Кабинетинин, ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери көрсөтүлгөн мыйзамдардын тизмегин өзүнө камтыган автоматташтырылган модулду билдирет.
4. Мыйзамдарды аткаруу процесси төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) аткаруу бийлигинин органдары тарабынан тармактык мыйзамдардын тизмегин түзүү жана жүргүзүү;
2) Министрлер Кабинетинин чечимдерин мыйзамдарга ылайык келтирүү зарылдыгы боюнча тармактык мыйзамдарды талдоо;
3) мыйзамдардан келип чыгуучу Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана илгерилетүү;
4) мыйзамдарды аткаруу системасында мыйзамдардын аткарылышынын абалы жөнүндө маалыматты толтуруу.
5. Аткаруу бийлигинин органдары мыйзамдардын аткарылышын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мыйзамдарда жана жоболордо белгиленген компетенциянын чегинде камсыз кылат.
2-глава. Мыйзамдардын тизмегин түзүү тартиби
6. Аткаруу бийлигинин органдары мыйзамдарды аткаруу системасын Бирдиктүү порталдагы жеке кабинеттер аркылуу толтурууну камсыз кылат.
7. Төмөнкүдөй маалыматтар толтурулууга тийиш:
1) реквизиттерди көрсөтүү менен мыйзамдын аталышы (система автоматтык түрдө толтурат);
2) мыйзамды ишке ашырууга Министрлер Кабинетинин чечимдерин кабыл алуу талап кылынат/талап кылынбайт;
3) Министрлер Кабинетинин мыйзамды аткаруу үчүн кабыл алынган чечимдери (аталышы, реквизиттери) жана аткаруу бийлигинин органдарынын мыйзамдардын ченемдерин аткаруунун жана өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында кабыл алынган буйруктары (аталышы, реквизиттери);
4) Министрлер Кабинетинин мыйзамды аткаруу үчүн кабыл алынбаган чечимдери (аткаруу баскычы);
5) аткаруу бийлигинин жооптуу органы (түзүмдүк, ведомстволук бөлүмүн көрсөтүү менен);
6) эскертүү (зарыл болгон учурда кошумча маалыматтарды көрсөтүү керек).
8. Тармактык мыйзамдардын тизмегине төмөнкүлөр киргизилет:
1) негизги (бүтүн) мыйзамдар;
2) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдар;
3) мыйзамды (мыйзамдарды) күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзамдар.
9. Тизмеде тармактык мыйзамдар хронологиялык тартипте (кол коюлган дата боюнча) жайгаштырылат. Тармактык мыйзамдар бир эле ошол кол коюлган датанын чегинде алардын каттоо номерлерине ылайык улам жогорулаган тартипте жайгаштырылат.
10. Тармактык мыйзамдардын тизмегин актуалдаштыруу туруктуу негизде автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат.
11. Мыйзамдардын бирдиктүү тизмеги 1990-жылдан тартып азыркы убакка чейинки мезгилде кабыл алынган мыйзамдарды камтыйт.
12. Мыйзамдарды аткаруу системасына карата техникалык талаптар, пайдалануучулук макулдашуу жана мыйзамдарды аткаруу системасы менен иштөө боюнча колдонмо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилет.
3-глава. Мыйзамдарды аткаруу
13. Мыйзамдарды талдоо Министрлер Кабинетинин чечимдерин мыйзамга ылайык келтирүү зарылдыгы боюнча мыйзамды баалоону билдирет.
14. Мыйзамдарды талдоо эки түрдөн турат:
1) баштапкы – жаңыдан кабыл алынган мыйзамдар боюнча;
2) узак мөөнөттүү – ушул Тартип күчүнө киргенге чейин кабыл алынган мыйзамдар боюнча.
15. Мыйзамды баштапкы талдоо компетенциясына мыйзам менен жөнгө салынуучу маселелер кирген аткаруу бийлигинин органы тарабынан жүргүзүлөт. Министрлер Кабинетинин чечимдерин кабыл алынган мыйзамга ылайык келтирүү зарылдыгы боюнча мыйзамдарды талдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары – Президенттин Администрациясы) тийиштүү тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
16. Баштапкы талдоонун жыйынтыгы төмөнкүдөй тыянактарды камтууга тийиш:
1) Министрлер Кабинетинин, ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерин иштеп чыгуу талап кылынат;
2) Министрлер Кабинетинин, ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерин иштеп чыгуу талап кылынбайт.
17. Эгерде баштапкы талдоонун жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин, ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерин мыйзамга ылайык келтирүү зарылдыгы аныкталса, мыйзамдарды аткаруу системасында төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) Министрлер Кабинетинин, ыйгарым укуктуу органдардын чечиминин долбоорунун аталышы;
2) Министрлер Кабинетинин, ыйгарым укуктуу органдардын чечимин мыйзамдын өзүндө белгиленген мыйзамга ылайык келтирүү мөөнөтү;
3) Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун Президенттин Администрациясына белгиленген тартипте киргизүү мөөнөтү;
4) жооптуу аткаруучу (фамилиясын, инициалдарын, ээлеген кызмат ордун жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен).
18. Узак мөөнөттүү талдоо компетенциясына мыйзам менен жөнгө салынуучу маселелер кирген аткаруу бийлигинин органдары тарабынан жүргүзүлөт.
19. Эгерде тармактык мыйзамдарды узак мөөнөттүү талдоонун жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин чечимдерин мыйзамдарга ылайык келтирүү зарылдыгы аныкталган учурда, аткаруу бийлигинин органы Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгууну жана белгиленген тартипте Президенттин Администрациясына киргизүүнү токтоосуз камсыз кылат.
20. Эгерде аткаруу бийлигинин органы мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында же баштапкы, узак мөөнөттүү талдоолордун алкагында аткаруу бийлигинин башка органынын компетенциясына кирген Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгуу зарылдыгын аныктаса, анда органдын дарегине ушул Тартиптен келип чыккан тиешелүү ишти жүргүзүү тууралуу жазуу жүзүндөгү сунуш жиберилет.
21. Мыйзамдардан келип чыгуучу Министрлер Кабинетинин, ыйгарым укуктуу органдардын чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамада жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
22. Министрлер Кабинетинин чечимдерин тармактык мыйзамга ылайык келтирүү мөөнөттөрү мыйзамдын корутунду жоболорунда белгиленет.
Эгерде мыйзамда Министрлер Кабинетине өзүнүн чечимдерин мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы каралган жоболор жок болсо же эгерде мыйзамда Министрлер Кабинетине тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, мыйзамды аткаруу эки айлык мөөнөттө же Президенттин Администрациясынын тиешелүү тапшырмасында көрсөтүлгөн мөөнөттө камсыз кылынат.
23. Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун өз убагында иштеп чыгуу, илгерилетүү жана Президенттин Администрациясына киргизүү үчүн жоопкерчилик жана контроль аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
4-глава. Айрым мыйзамдарды аткаруу өзгөчөлүктөрү
24. Аткаруу бийлигинин конкреттүү органынын компетенциясына аткаруу кирбеген мыйзамдар мыйзамдардын бирдиктүү тизмегине киргизилет.
25. Ушул Тартиптин 24-пунктунда көрсөтүлгөн мыйзамдарды аткаруу Президенттин Администрациясынын тапшырмасынын негизинде аткаруу бийлигинин органы тарабынан камсыз кылынат.
26. Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү ушул Тартиптин 24-пунктунда көрсөтүлгөн жаңыдан кабыл алынган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде ушул Тартипте белгиленген тартипте мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу тапшырмасын аткаруу бийлигинин тиешелүү органына жиберет.
Мыйзамды аткаруу жөнүндө тапшырма мыйзамды аткарууну талап кылган маселелер компетенциясына кыйла мүнөздүү болгон аткаруу бийлигинин ошол органына жиберилет.
27. Мыйзамдарга ылайык келтирүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Президентинин актылары ушул Тартипте белгиленген тартипте мыйзамдарды аткаруу системасына киргизилет.