Загрузка документа…
|
|
|
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 241 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаменти жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаменти (мындан ары - Департамент) Мамкурулуштун ведомстволук бөлүмү болуп саналат жана өзүнүн ишин шаар куруу жана архитектура жаатында жүзөгө ашырат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, ага бекитилип берилген мүлктү ыкчам башкарууну жүзөгө ашырат, чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана өзүн-өзү каржылоонун негизинде киреше алып келүүчү ишти жүргүзөт жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескейт.
4. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 28.
5. Департаменттин толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаменти";
расмий тилде: "Департамент градостроительства и архитектуры при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
Департаменттин курамына төмөнкүлөр кирет:
- түзүмдүк бөлүм - Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту;
- юридикалык жак статусуна ээ шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктар.
2-глава. Департаменттин ишинин максаттары
6. Департаменттин ишинин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу-архитектура иши жаатында бирдиктүү саясатты жүргүзүү жана ишке ашыруу;
- шаар куруу-архитектура ишин өнүктүрүү аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо турмушунун жагымдуу чөйрөсүн камсыз кылуу.
3-глава. Департаменттин милдеттери
7. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) илимий изилдөөлөрдүн негизинде шаарлардын, айылдык калктуу конуштардын жана курорттук-рекреациялык зоналардын, комплекстердин жана ар кандай имараттардын жана курулмалардын, анын ичинде курорттук ден соолукту чыңдоочу жайлар, туризм жана эс алуу объекттери, жаңы курулуш, реконструкциялоо жана реставрациялоо объекттери, турак жай-жарандык, социалдык-маданий, өнөр жай жана айыл чарба багытындагы объекттер үчүн башкы пландардын жана долбоорлоо-пландоо документтеринин долбоорлорун иштеп чыгуу;
2) архитектуранын жана шаар куруунун келечектүү багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү камсыз кылуу, шаарлардын жана айылдык калктуу конуштардын, ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналардын аймактарын өнүктүрүүнүн деталдуу пландоо долбоорлорун, курулуш жана схемалар долбоорун иштеп чыгуу;
3) архитектуранын жана шаар куруунун келечектүү багыттары боюнча, ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналарды өнүктүрүү жаатындагы топогеодезиялык, инженердик-геологиялык, долбоордук, илимий-изилдөө иштерин аткаруу;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында шаар курулушун өнүктүрүүнү, жайгаштырууну жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу.
4-глава. Департаменттин функциялары
8. Департамент төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- архитектура жана шаар куруу, инженердик системалар жаатындагы илимий-маалыматтык ишти жүзөгө ашыруу, жетишкендиктерди илимий-техникалык пропагандалоо;
- Кыргыз Республикасынын архитектура жана шаар куруу жаатындагы эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө катышуу;
- шаар куруу, архитектура, курулуш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана шаар куруу-архитектура ишинде мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышуу;
- долбоорлорду жана шаар куруу документтерин иштеп чыгуу боюнча техникалык кеңештерди, кеңешмелерди, конференцияларды, конкурстарды белгиленген тартипте уюштуруу жана өткөрүү;
- шаар куруу документтерин ишке ашырууну, сапаттуу комплекстүү курууну, турак жай райондорун жана инженердик инфраструктураны көрктөндүрүүнү контролдоону камсыз кылуу;
- сапаттуу комплекстүү куруунун жана аймакты өнүктүрүүнү көрктөндүрүүнүн элементтеринин учурдагы жана келечектеги милдеттерин чечүүгө багытталган шаар куруу-архитектуралык иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
- шаар куруу чечимдеринин социалдык-экономикалык натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү;
- шаар куруу-архитектура иши жаатындагы мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышуу;
- кичи райондордун, турак жай топторунун, шаар куруу зоналарынын, өзүнчө имараттардын, курулмалардын жана ландшафттык объекттердин тажрыйба-көрсөтмөлүү жана эксперименттик курулушун уюштурууга катышуу;
2) координациялоо функциялары:
- шаар куруу-архитектура ишин координациялоо;
- шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктардын ишин координациялоо;
3) Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун функциялары:
- шаар куруу документтерин, техникалык регламенттердин, стандарттардын жана башка техникалык документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле шаар куруу-архитектуралык кадастрын, анын ичинде курорттук-рекреациялык зоналарды өнүктүрүү жаатында түзүү, жүргүзүү жана контролдоо;
- шаарларды, калктуу конуштарды жана курорттук-рекреациялык зоналарды реконструкциялоонун теориялык маселелерин иштеп чыгуу;
- калктуу конуштардын башкы пландарынын долбоорлорун жана деталдуу пландоо долбоорлорун, курулуштардын жана курорттук-рекреациялык зоналардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- шаар куруу документтерин макулдашуу;
- жаңы курулуш объекттерин долбоорлоого жана курууга долбоорлоо алдындагы документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Департамент иштеп чыккан долбоордук документтер боюнча ишке ашырылуучу курулушка жана курууларга белгиленген тартипте автордук көзөмөл жүргүзүү;
- архитектура жана шаар куруу, райондук пландоо жана инженердик курулуш жаатындагы илимдин жана техниканын жетишкендиктерин курулушту долбоорлоо аркылуу турак жай-жарандык курулушка киргизүү;
- эксперименттик долбоорлорду иштеп чыгуу;
- комплекстердин, өзүнчө имараттардын жана курулмалардын, турак үйлөрдүн жана ар кандай багыттагы башка объекттердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
- лицензиялоонун башка субъекттери тарабынан иштелип чыккан шаар куруу документтерин мурда иштелип чыккан шаар куруу документтеринин райондук пландоо долбоорлоруна жана схемаларына шайкеш келүү предметине макулдашуу;
- мамлекеттик эмес лицензияланган долбоорлоо уюмдары тарабынан иштелип чыккан шаар куруу документтерин (калктуу конуштардын башкы пландарын, деталдуу пландоо долбоорлорун, курулуш долбоорлорун) рецензиялоо;
- архитектуралык-шаар куруу иши жаатындагы долбоорлоо, издөө, илимий-изилдөө жана конструктордук иштерди уюштуруу (мамлекеттик квалификациялык сертификаттар болгондо);
- шаар куруу иши жана инженердик изилдөөлөр жаатындагы лицензиялардын жоопкерчилик деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө корутундуларды берүү;
4) шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктардын функциялары:
- кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө архитектуралык-шаар куруу корутундуларын жана архитектуралык-техникалык корутундуларды иштеп чыгуу жана бекитүү;
- жер участокторуна укуктарды берүүгө жана чек араларды аныктоого шаар куруу корутундуларын, анын ичинде кыймылсыз мүлк объекттеринин функциялык багытын өзгөртүү, жеңилдетилген типтеги объекттерди уюштуруу жана жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө техникалык сунуштарды жана корутундуларды даярдоо;
- аткаруучу жана топографиялык сүрөткө тартууну аткаруу, имараттардын, курулмалардын, негизги магистралдык инженердик коммуникациялардын окторун жана чектерин, ошондой эле шаар курууну жөнгө салуу сызыктарын жеринде (натуралай көрсөтүлүшүн) белгилөө;
- долбоордук документтерди макулдашуу;
- райондун жана облустун чек араларынын (чектеринин) долбоорлорун белгилөө, нөөмөттүк пландарды киргизүү боюнча иштерди уюштуруу;
- учурдагы кыймылсыз мүлк объекттерин реконструкциялоого, профилин өзгөртүүгө жана кайра пландаштырууга корутундуларды белгиленген тартипте берүү (көлөмдүк-пландоо жана конструктивдик чечимдерди өзгөртүү менен же өзгөртпөстөн);
- шаар куруу кадастрын жана жерлерди пайдаланууга мониторинг жүргүзүү, архитектуралык-шаар куруу корутундусун, жер участокторун трансформациялоого жана максаттуу багытын өзгөртүүгө шаар куруу корутундусун берүү;
- көчө-жол тармагынын, шаар аймактарын көрктөндүрүүнүн жана жашылдандыруунун, чакан архитектуралык формаларды жайгаштыруунун долбоордук документтерин, өң-түс чечимдеринин долбоорлорун, фасаддарды архитектуралык-көркөм жасалгалоонун, дизайнердик иштердин жана сырткы жарнамалык-маалыматтык иштердин жоопкерчилик деңгээлине ылайык долбоорлоо документтерин иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү;
- тийиштүү лицензиянын уруксат берилген деңгээлинин жана жоопкерчилигинин чегинде объекттердин долбоордук документтерин иштеп чыгуу жана чыгаруу.
9. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ага жүктөлгөн башка функцияларды ишке ашырат.
4-глава. Департаменттин укуктары
10. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- Департаменттин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- соттордо доогер жана/же жоопкер катары өз атынан чыгууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген иштерде колдонуу үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды белгиленген тартипте тартууга;
- иштин толук көлөмүн, айрым этаптарын же иштин башка түрлөрүнүн бөлүктөрүн аткарууга подряддык жана субподряддык келишимдерди түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өз ара пайда жана тең укуктуулук принциптеринде өндүрүштүк-экономикалык ишти жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында тиешелүү багыттагы кафедралардын филиалдарын уюштурууга;
- Департамент негизги аткаруучу болуп аныкталган эмгек келишими боюнча убактылуу чыгармачыл жамааттарды түзүүгө же айрым иштерди аткаруу үчүн адистерди тартууга;
-Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык-эсептешүү ишин жүзөгө ашырууга;
- Мамкурулуш менен макулдашуу боюнча Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүн, филиалдарын, борборлорду түзүүгө.
5-глава. Департаменттин ишин уюштуруу
11. Департаментти Мамкурулуштун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
12. Директордун орун басарлары болот.
Директордун орун басарлары Департаменттин директорунун сунушу боюнча Мамкурулуштун директору тарабынан кызматка дайындалат. Директор жок болгон учурда, анын милдеттерин директордун орун басарларынын бири аткарат.
13. Директор:
1) Департаменттин ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликти тартат;
2) Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен макулдашуу боюнча - шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктардын жетекчилерин кызматка дайындайт; Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүмдүк бөлүмдөрдүн, шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктардын жетекчилерин кызматтан бошотот;
3) Департаменттин жетекчилерин жана кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
4) Департаменттин финансылык-экономикалык абалына жараша кызматкерлердин эмгек акысына үстөктөрдү жана кошумча төлөөлөрдү белгилейт;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык белгилүү жумуштарды аткаруу үчүн эмгек келишимдерин жана макулдашууларын түзөт;
6) өзүнүн компетенциясынын чегинде түзүмдүк бөлүмдөрдүн, шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана Департаменттин кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет, ошондой эле алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат, ушул Жободо аныкталган функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коёт;
7) орун басарлардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн, шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин жана Департаменттин кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин жана жоопкерчилик даражасын аныктайт;
8) Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн, шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктардын кызматкерлерин белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктарга көрсөтөт жана сыйлайт;
9) эмгек өргүүлөрүнүн графигин бекитет, эмгек келишимдерин түзөт жана кол коет, сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
10) чечимдердин жана тапшырмалардын аткарылышын уюштурат жана камсыздайт;
11) ишеним катсыз Департаменттин атынан чыгат, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
12) мүлктү, финансылык каражаттарды башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
13) Департаменттин максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
14. Департаментте маанилүү илимий иштеп чыгууларды жана изилдөөлөрдү, долбоорлорду, архитектуралык, инженердик жана экономикалык маселелерди чечүү үчүн Департаменттин квалификациялуу адистерден жана башка уюмдардан турган кеңеш берүүчү орган катары техникалык кеңеш түзүлөт.
Техникалык кеңешти Департаменттин директору жетектейт.
Техникалык кеңештин курамы жана саны Департаменттин директорунун буйругу менен бекитилет.
Техникалык кеңештин чечими шаар куруу процессинин бардык катышуучулары үчүн аткарууга милдеттүү.
6-глава. Департаменттин мүлкү
15. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген жана Департаменттин балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
16. Департаменттин каражаттарын түзүү булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) мамлекеттик маанидеги иш-чараларды аткарууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;
2) гранттар;
3) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
17. Департаменттин негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу менчик ээсинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
7-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
18. Департаменттин иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ал кайра уюштурулган же жоюлган учурда токтотулат.
19. Департаменттин иш процессинде түзүлгөн документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.