Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырма биринчи сессиясы
2024-жылынын 03-июлу № 21-4
““Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу” жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнун 2023-жылдын 25-декабырындагы №03-05/745 сандуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/401 02-июлундагы кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Соку-Таш айылындагы К. Абдраимов атындагы орто мектеби жайгашкан 2,22 га жер тилкеси муниципалдык менчике алынсын.
2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |