Загрузка документа…
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-декабры № 32/28-XI
2022-жылдын аягына карата малдын жана үй канаттуларынын санын кайра саноого каражат бөлүү жөнүндө
“Расмий статистика жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде, ошондой эле Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын “Ысык Ата районунун аймагында 2022-жылдын аягына карата малдын жана үй канаттуларынын санын кайра эсептөө боюнча” 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 389-б буйругун аткаруу максатында ,Туз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туз айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шакуловго 2022-жылдын аягына карата үй канаттуларынын жана мал санакчылардын кызмат көрсөтүүлөрүнө ар бир чарбага 20 сомдон акы бөлүп берүү каралсын .
2. Бул токтомду көзөмөлдөө Туз айылдык Кеңешинин туруктуу каржы комиссиясына жүктөлсүн.
Туз айылдык Кеңешинин төрагасы | Салтыкеев. Б. К |