Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырма биринчи сессиясы
2024-жылынын 03-июлу № 21-5
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнун жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү ” жөнүндө”
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексиинин 115-беренесинин негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмунүн башчысы Г. Нуруеванын билдирүулөрүн угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы жергиликтүү бюджеттин бекитилген сметасына киргизүү боюнча
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Х. Кенжаев орто мектебине ПСД жасатуу үчүн бөлүнгөн акча каражаты былтыркы жылдан 273,0 миң сом калган калдык ЖКХ бөлүмүнөн 2215 “Түрдүү чыгымдар” беренесине туура эмес коюлуп калгандыктан, Аппарат бөлүмүнүн 2215 “Түрдүү чыгымдар” беренесине жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн финансы экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Г. Нуруевага жүктөлсүн.
3. Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |