Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-августу № 479
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын, ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын азык-түлүк паегунун ченемдери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын тамак-аш азыктарынын ассортиментин көбөйтүү, тамактануусун уюштурууну жакшыртуу жана тартипке келтирүү максатында, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын, ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын азык-түлүк паегунун ченемдери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына азык-түлүк паекторунун төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары үчүн - "жалпы аскердик поек" № 1 ченеми, 1-тиркемеге ылайык;
2) аскер госпиталдарында дарыланып жаткан аскер кызматчылары үчүн - "дарылык поек" № 2 ченеми, 2-тиркемеге ылайык;
3) мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара наряддарынын курамында түнкү убакта кызмат өтөөчү аскер кызматчылары, ошондой эле жазаларды аткаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдын түнкү убакта кызмат өтөөчү аскер кызматчылары үчүн - "түнкү поек" № 5 ченеми, 5-тиркемеге ылайык;
4) учуучу аппараттардын экипаждарынын штаттык эсептерине кирген учкучтар курамынын аскер кызматчылары үчүн - "учкучтук паек" № 6 ченеми, 6-тиркемеге ылайык;
5) туруктуу жайгашкан пункттардан тышкары жүргөн бардык категориядагы аскер кызматчылары үчүн, алар талаа же башка шарттарда тапшырмаларды аткарууда ысык тамак-аш даярдоо мүмкүн болбогон же кыйынчылык туудурган учурда - "тамактануунун жеке рациону" № 8 ченеми, 8-тиркемеге ылайык.";
2) жогоруда аталган токтомдун 3, 4-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын;
3) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 8-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдары бул токтомду жетекчиликке алсын жана өзүнүн чечимдерин ушул токтомдун талаптарына ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| А. А.Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
| "8-тиркеме |
"Тамактануунун жеке рациону" № 8 ченеми
№ | Азыктардын аталышы | Суткасына 1 адамга ченем, грамм |
1 | 1-сорттогу буудай унунан аскердик галеттер | 300 |
2 | Ассортименттеги эт консервалары | 325 |
3 | Ассортименттеги эт-өсүмдүк консервалары | 750 |
4 | Ассортименттеги паштет | 100 |
5 | Стерилденген эритилген сыр | 80 |
6 | Мөмө кыямы | 45 |
7 | Ассортименттеги мөмө батончиги | 70 |
8 | Ассортименттеги накта шире | 200 |
9 | Ассортименттеги кактар | 50 |
10 | Накта бал | 20 |
11 | Кара чай | 6 |
12 | Накта эрүүчү кофе | 2 |
13 | Тез эрүүчү кургак сүт | 2 |
14 | Кумшекер | 60 |
15 | Аскорбин кислотасы | 1 таб. |
Жалпы калориялуулугу, ккал | 4125 | |
Тамактануунун жеке рационуна комплекттөөчүлөр | ||
1 | Сууну дезинфекциялоочу таблеткалар | 3 таб. |
2 | Портативдүү жылыткыч (комплектте кургак спирт түрүндөгү 4 даана күйүүчү таблетка) | 1 к-т |
3 | Сууга жана шамалга туруктуу ширеңке (1 таңгакта 6 даана) | 1 таңг. |
4 | Дезинфекциялоочу салфеткалар | 3 даана |
5 | Кагаз майлык | 3 даана |
6 | Желим кашык | 3 даана |
7 | Желим бычак | 2 даана |
Эскертүү: Тамактануунун жеке рациону 3 суткага же андан ашык мөөнөткө берилген учурда ассортименттеги эт консервалары ассортименттеги концентрацияланган шорпого алмаштырылсын.".