КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2024-жылынын 30-июлу № 38
“Таза - Кызмат” муниципалдык ишканасынын 2024 - жылдын алты айында жүргүзгөн иштери боюнча маалыматын угуу”
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Таза Кызмат” муниципалдык ишканасынын алты ай ичинде жүргүзгөн иштери боюнча отчету берилгендиги белгиленсин.
- "Таза Кызмат” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдын алты айлык киреше сметасы 2815,2 миң сом, Каргалык айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралган алты айлык субсидиясы - 2000,0 миң сом, жалпы алты айлык кирешеси сметасы - 4815,2 миң сом акча каражаты бекитилгендиги жана 2024 - жылдын алты айында аткарган иштери - 453,6 миң сом же болбосо 16,1 пайызга аткарылган жана 2300,0 миң сом субсиядиядан 1687,0 миң сому каржыланып, 613,0 миң сом калдык калгандыгы жана алты айына планга чыкпай калгандыгы белгиленсин.
- Каргалык, Кара-Суу жайыт комитеттерине тиешелүү болгон техникаларды 05.06.2024-жылдагы кезектеги VI сессиясынын №31 токтомунун “Таза Кызмат” муниципалдык ишканасынын 01.07.2024-жылга чейин комиссия менен өткөрүп берүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Акуновага милдеттендирилгендигине карабастан бүгүнкү күнгө чейин иш алып барылбагандыгы белгиленсин.
- “Кыргызалтын” Ачык Акционердик Коомунун филиалына тиешелүү болгон “Нур-Жайык” кичи районундагы тиричилик таштандыларды чыгаруу боюнча “Таза Кызмат” муниципалдык ишканасына өткөрүп алууда Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акунова Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким - М.Мураталиевтин сунушу менен тиешелүү адистер тарабынан экономикалык эсептөөлөрдү жүргүздүрбөстөн жана үй комитеттери, коомдук уюмдар менен кеңешпестен, комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн каршы пикирин эске албастан кабыл алып койгондугу белгиленсин жогорудагы кемчиликтерди жоюу максатында тиешелүү адистер менен биргеликте иштеп чыгуу жагы каралсын.
- Жогорудагы үчүнчү, төртүнчү пункутта көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин
- Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
- Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду көзөмөлдөө “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы : | Т.И. Токтоболотов |