Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2024-жылынын 30-июлу № 39
“Каргалык МТС” муниципалдык ишканасынын алты айда аткарган иштери тууралуу маалыматын алуу жана күзгү оруп - жыюуга карата айыл чарба техникаларынын даярдыгы тууралуу жетекчисинин маалыматын угуу.”
«Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча » туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскардын жана “Каргалык МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Касымбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Каргалык МТС” муниципалдык ишканасынын алты айда аткарган иштери тууралуу маалыматын алуу жана күзгү оруп - жыюуга карата айыл чарба техникаларынын даярдыгы тууралуу маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
2. Күзгү оруп-жыюуга карата комбайн, прессподборщик менен өз убагында үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүү жагы “Каргалык МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Касымбековго тапшырылсын.
3. Жылдын жыйынтыгы менен планга чыгуу жагы “Каргалык МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Касымбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду аткаруу жагы “Каргалык МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Касымбековго жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы : | Т.И. Токтоболотов |