Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2024-жылынын 30-июлу № 40
“Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыттар боюнча алты ай ичинде аткарылган иштери тууралуу маалыматын алуу”
«Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскардын жана Жайыт комитетинин төрагасы А.Апиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасынын алты айда аткарган иштери тууралуу маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
2. Көчүп - конуу учурунда кемчиликтер кетирилгендиги белгиленсин.
3. Жайыт жерлеринен топурак, шагыл казып жаткан ишкерлер менен иш алып барбагандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын комплекстүү тейлөө жана өнүктүрүү, жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу жана калктуу конуштарда тазалыкты камсыз кылуу үчүн муниципалдык ишканаларды түзүү иштери Каргалык айыл өкмөтү тарабынан аткарылбагандыгына байланыштуу Жайыт комитети боюнча толук кандуу иш жүргүзүлбөгөндүгү белгиленсин;
5. 2024- жылдын 1- сентябрына чейин ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын комплекстүү тейлөө жана өнүктүрүү, жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу жана калктуу конуштарда тазалыкты камсыз кылуу үчүн муниципалдык ишканаларды түзүп, тиешелүү иш алып баруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
6. 2024-жылдын 6-июлундагы өтүлгөн Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын № 36 токтомунун үчүнчү, бешинчи пункттары (ортонку жайыттардын жерлериндеги чөптүн тоют катары чабылышына, арыз - даттанууларда көрсөтүлгөн талаш-тартыш маселелер боюнча) пункуттары толугу менен аткарылбагандыгы белгиленсин.
7. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” Кара- Суу Жайыт комитетин 2024- жылдын алты айында эч кандай жумуш жүргүзбөгөндүгү белгиленсин.
8. Каргалык айыл аймагынын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” Жайыт комитетинин төрагасынын алты айда аткарган иштери айрым кемчиликтери менен жактырылсын;
9. Күзгү жайыт мезгили аяктаганга чейин малдын айдоо аянттарына түшүүсүн алдын алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге корук иштерин тиешелүү денгээлде алып баруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы милдеттендирилсин;
10. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
11. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
12. Бул токтомду көзөмөлдөө “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы : | Т.И. Токтоболотов |