Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2024-жылынын 30-июлу № 41
“Макмал Голд Компани” Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун 2022 - 2023 - жылдагы токтомдордун аткарылышы тууралуу, 2023 - 2024 - жылдары жүргүзүп жаткан иштери жана убактылуу калдык сактоочу жай боюнча депутаттар менен биргеликте жеринен барып маалымат алуу”
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасынын төрагасы М.Жээналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Макмал Голд Компани” Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун Каргалык айылдык Кеңешинин 2022-2023-жылдагы токтомдорунун аткарылышы тууралуу жана 2023-2024 - жылдар ичинде жүргүзүп жаткан иштери тууралуу толук маалымат берилгендиги белгиленсин.
2. 04.09.2019 - жылдагы “Макмал Голд Компани” Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун социалдык коргоо шериктештик өз ара кызматташтык боюнча түзүлгөн башкы макулдашууда көрсөтүлгөн 10.10.2022 - жылдагы №1 кошумча келишимге ылайык социалдык коргоо келишимине эки жыл аралыгында 60 млн сомдук жаңы спорт комплексин куруу чечими кабыл алынгандыгына карабастан, азыркы күнгө чейин иш алып барылбагандыгы жана социалдык пакеттерди 2.1.6, 2.1.15, 2.1.16, 2.1.17, 2.1.18, 2.1.19, 2.1.20. пункттарга ылайык толук кандуу аткарылбай келгендиги белгиленсин.
3. Каргалык айыл аймагынын тургундарынын кайрылууларын эске алуу менен 01.01.2024-жылга “Макмал Голд Компани” Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун “Казарман” коомдук фондуна карыз болгон 16156,0 миң сом акча каражатын каржылап берүү жагы “Макмал Голд Компани” Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун директору Р.Асеиновдон суралсын.
4. “Макмал Голд Компани” Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун Комбинат-Тоо-Кен “Макмал” карьерине чейинки технологиялык автожолунун ремонтуна акча каражаты жеткиликтүү бөлүнбөгөндүктөн, айлана-чөйрөнү чаңдатып экологияга терс таасирин тийгизгендиги белгиленсин.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы : | Т.И. Токтоболотов |