ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-январы № 34/28-XII
Калктуу конуштардын жерлерин айыл чарбалык эмес максаттарда пайдалангандык үчүн зоналык коэффициентти жана жерлерге короо-жай участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын бекитүү жөнүндө
Кирешелер боюнча башкы адис Ж.У Кожогулованын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык зоналдык коэффициенттин мааниси жергиликтүү кеңештер тарабынан 3 жылда бир жолу үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен белгилене тургандыгы жөнүндө маалыматтыугуп жана талкуулап,калктуу конуштардын жерлерин айыл чарбалык эмес максаттар үчүн пайдалангандык үчүн зоналык коэффициентти жана короо-жай участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгын бекитүү максатында, Туз айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктуу конуштардын жерлерин айыл чарбалык эмес максаттар үчүн пайдалануунун зоналык коэффициенти бекитилсин - 1,2
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Туз айылдык Кеңешинин төрагасы | Б.К Салтыкеев |