Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы ПЖ № 191 Жарлыгы менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик
турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартиби
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 323, 2025-жылдын 24-декабрындагы ПЖ № 376, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартиби (мындан ары - Тартип) төмөнкүлөрдү белгилейт:
- тандоо критерийлерин;
- катышуучулардын тандоону түзүү тартибин;
- катышуучулардын тизмесин түзүү тартибин.
Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын (мындан ары - Программа) ишке ашыруунун алкагында ушул Тартип төмөнкүлөрдүн шарттарын аныктайт:
- кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага берүүнүн;
- турак үй сатып алууга же курууга мамлекеттик ипотекалык кредиттерди берүүнүн;
- болгон турак үйдү капиталдык оңдоого мамлекеттик ипотекалык кредиттерди берүүнүн;
- болгон турак үйдү кеңейтүүнүн механизминин;
- турак үйдү үлүштүк куруунун механизминин.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) Программанын катышуучусу - Программага катышууга өтүнмө берген, ушул Тартиптин тандоо критерийлерине ылайык келген жана Программага катышкан Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жаран;
2) тандоо критерийлери - ушул Тартипте белгиленген Программага катышуу үчүн жарандарга карата талаптар;
3) турак жай (мындан ары - турак үй) - ушул Тартиптин критерийлерине жооп берген турак жай фондунун өзүнчө бирдиги (жеке турак үй, жеке турак үйдүн бир бөлүгү, көп батирлүү үйдөгү батир, анын ичинен курулуш баскычындагы);
31) турак эмес жай – мамлекеттик турак жай программасынын алкагында курулган коммерциялык жайлар, цоколдук кабаттар, жер үстүндөгү жана жер астындагы паркингдер, кампалар жана техникалык жайлар;
4) "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому (мындан ары - МИК) - турак жайга ипотекалык кредит берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ачык акционердик коом формасында түзүлгөн юридикалык жак, анын ишинин предметтеринин бири Программаны ишке ашыруу болуп саналат;
5) Кызматташуу жөнүндө макулдашуу - Программаны ишке ашыруунун алкагында Программанын катышуучуларына турак үйдү сатып алууга, курууга жана болгон турак үйүн капиталдык оңдоого ипотекалык кредиттерди кайра каржылоого же каржылоого өнөктөш банктарга инвестициялык акча каражаттарын берүүгө карата өнөктөш банк менен МИКтин ортосунда түзүлгөн Кызматташуу жөнүндө башкы макулдашуу. Ошондой эле Кызматташуу жөнүндө макулдашууда ипотекалык кредиттер боюнча талаптарды МИКтин пайдасына өткөрүп берүү укугу каралган;
6) өнөктөш банк - Программанын катышуучуларына ипотекалык кредиттерди каржылоого жана кайра каржылоого жана ипотекалык кредиттер боюнча талаптарды МИКтин пайдасына өткөрүп берүүгө инвестициялык акча каражаттарын берүү боюнча МИК менен Кызматташуу жөнүндө башкы макулдашууну түзгөн финансы-кредиттик мекеме;
7) эмгек стажы - уюмдагы ишинин узактыгы же болбосо ишкердикти/экономикалык ишти жүргүзгөн мезгил;
8) айыл жергеси - шаарларды (республикалык, облустук жана райондук маанидеги) кошпогондо, калктуу конуштар;
9) турак жайды каржылоо - жеке турак үйдү сатып алуунун же куруунун кийинки механизмдеринин жыйындысы:
- кийин сатып алуу менен турак үйдү ижаралоо;
- турак үйдү үлүштүк куруу;
- ислам каржылоо принциптери боюнча турак жай менен камсыздоо;
- финансылык лизинг;
- "жашыл" каржылоо принциптерин колдонуу менен турак жайды каржылоо;
- болгон турак үйдү кеңейтүү;
- МИКтин өнөктөш банктары аркылуу ипотекалык кредит;
- болгон турак үйдү капиталдык оңдоо;
10) (КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту).
11) ипотекалык кепилдик - кепилдик фонддорунун МИКтин өнөктөш банкынын алдындагы берилген ипотекалык кепилдиктин суммасынын чегинде Программанын катышуучусунун негизги карызы боюнча милдеттенмелеринин бөлүгүнүн аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартуу милдеттенмеси.
(КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2-глава. Турак жайды каржылоо багыттары боюнча
Программанын катышуучуларын тандоо критерийлери
3. Турак жайды каржылоонун "Социалдык ипотека", "Жеңилдетилген ипотека" жана "Арзан ипотека" багыттары боюнча жарандар үчүн тандоонун жалпы критерийлери:
- жаш курагы Программага катышууга арыз берген учурда 18 (он сегиз) жашка толгон;
- 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы эмгек стажынын/ошол уюмда ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинин же 1 (бир) жылдан кем эмес стажынын/ишкердик же экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинин болушу;
- катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын Кыргыз Республикасынын аймагында менчик турак үйүнүн жоктугу;
- катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын Программага катышууга арыз берген датага чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга карата акыркы 3 (үч) жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак үйгө менчик укугун өткөрүп берүү менен байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрүнүн жоктугу;
1) "Жеңилдетилген ипотека" багыты боюнча турак жайды каржылоо төмөнкү уюмдарда иштеген жарандарга жеткиликтүү болот;
- аткаруу, сот, мыйзам чыгаруу бийлигинин мамлекеттик органдары;
- мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук уюмдары жана ишканалары;
- мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдары;
- мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана мамлекеттик органдардын аскердик түзүлүштөрү;
- мамлекеттик программаларды ишке ашыруу ишинин предметтеринин бири болгон ыйгарым укуктуу орган;
- мамлекеттик телерадио уюмдары;
2) "Арзан ипотека" багыты боюнча турак жайды каржылоо ушул Тартиптин тандоо критерийлерине ылайык иши бар жарандарга жеткиликтүү болот;
3) "Социалдык ипотека" багыты боюнча турак жайды каржылоо жарандардын төмөнкү категорияларына жеткиликтүү болот:
- 5тен (беш) кем эмес жашы жете элек балдары бар;
- "Баатыр эне" ордени менен сыйланган;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды баккан адамдар же үй-бүлөсүнүн курамында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар бар;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын расмий өмүр бою камкорчулары;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүктө ата-энесинин бири тууралуу жазуу жок жашы жете элек баласы/балдары бар жарандар (никеде турбаган);
- жашы жете элек баласы/балдары бар жесирлер жана жесилдер (никеде турбаган);
- айыл жергесинде иштеген жана экономикалык/ишкердик ишти жүргүзгөн, арыз берген учурга карата 35 (отуз беш) жашка чейинки жаш адистер.
- балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү - томолой жетимдер (жашы жеткен учурдан тартып);
(КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Программаны тандоо критерийлерине карата эскертүүлөр:
1) Программага катышууга төмөнкү учурда жол берилет:
- Программага катышууга арыз берген датага чейин жана турак жайды каржылоону алуу учуруна карата акыркы 3 (үч) жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак үйгө менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр жок болгон шартта, катышуучунун, жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын турак үйдө 20 (жыйырма) кв. м ашпаган жалпы үлүшү болгон учурда;
- катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын мыйзам боюнча мураска калган турак үйдө 20 кв.м ашпаган үлүшү болгон учурда;
- катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын мыйзам боюнча мураска калган турак үйдө 20 кв.м ашпаган үлүшүнө байланышкан жарандык-укуктук бүтүм болгон учурда;
2) республиканын айрым жарандарына Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдери менен тандоо критерийлерин жана Программанын катышуучуларынын тизмелерин түзүү жол-жобосун эске албастан турак жайды каржылоо берилет, мында чечимдерде төмөнкү маалымат көрсөтүлүүгө тийиш:
- турак жайды каржылоону берүү шарттары: пайыздык ставка, мөөнөт;
- МИКтин турак жай фонду жок болгон учурда, турак үйдү сатып алуу шарттары;
3) МИКтин турак жай фондун түзүүгө катышкан министрликтерге жана ведомстволорго (анын ичинде, курулуш, финансы ресурстарын тартуу, каржылоо же кыймылсыз мүлк объекттерин МИКтин балансына акысыз же акы төлөөчү негизде өткөрүп берүү аркылуу) Программанын катышуучуларынын тизмелерин түзүү жол-жобосун колдонбостон турак жай каржылоосун алууга биринчи кезектеги укук берилет, квота берүү МИКтин Директорлор кеңешинин чечими менен аныкталат жана төмөнкүлөрдү түзөт:
- Бишкек шаарында жайгашкан конкреттүү объекттеги батирлердин жалпы санынан 10 пайызга чейин;
- региондордо жайгашкан конкреттүү объекттеги батирлердин жалпы санынан 20 пайызга чейин;
4) катышуучунун өзүнүн демилгеси боюнча иштеген региону өзгөргөн учурда - катышуучу Программанын кезектүүлүк тизмелеринен алынат жана жаңы иштеген регионун көрсөтүү менен жаңы өтүнмө берет.
Ишинин алкагында ротациялоо боюнча иштеген региону өзгөргөн учурда тизмелердеги баштапкы регион өзгөрбөйт;
5) болгон турак үйдү капиталдык оңдоо жана кеңейтүү механизмдеринин алкагында Программага менчик турак үйү бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусуна жол берилет. Механизмдер боюнча турак жайды каржылоонун тандоо критерийлери жана шарттары МИКтин Башкармасынын чечимдери менен иштелип чыгат жана бекитилет;
6) инвесторлордун каражаттарынын эсебинен (эл аралык донорлор, кредиторлор жана башкалар), ошондой эле инвесторлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү ипотекалык кредиттердин шарттары жана параметрлери өзүнчө макулдашуулар менен жөнгө салынат;
7) (КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту).
8) катышуучу, анын ичинде катышуучунун жубайы Программанын алкагында турак жайды каржылоо менен 1 (бир) жолудан ашык эмес камсыз кылынат;
9) жарандардын айрым категориясы жана турак жайды каржылоо механизми үчүн атайын тандоо критерийлери:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын расмий өмүр бою камкорчулары үчүн бир критерий колдонулат: 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы эмгек стажынын/ошол уюмда ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинин же 1 (бир) жылдан кем эмес стажынын/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинин болушу;
- турак үйдү үлүштүк курууну турак жайды каржылоо механизминин алкагында, анын ичинде "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында бир критерий колдонулат - катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын турак үйү жана Программага катышууга арыз берген датага чейин акыркы 3 (үч) жылда Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак үйгө менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрүнүн жоктугу;
- аскер кызматчыларына аскердик кызматты өтөө мезгилинде алардын аскердик кызматты өтөгөн жерине карабастан, катышуунун бардык белгиленген критерийлери жана Программага катышууга арыз берүүнүн тартиби сакталган учурда Программага катышуу укугу берилет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 323, 2025-жылдын 24-декабрындагы ПЖ № 376, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3-глава. Катышуучулардын тизмесин түзүү жана аларды
тандоо
5. Программанын катышуучуларынын тизмелерин түзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында, МИК автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу Программага катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүүнүн электрондук формасын киргизди.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын катышуучуларынын тизмеси Программанын катышуучуларынын тизмесинин алдынкы орундарына киргизилет.
6. Жарандар Программага катышууга өтүнмөлөрдүн электрондук формасын МИКтин расмий веб-сайтында, "Түндүк" мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында жана башка тиркемелерде катталуу жолу менен беришет.
(КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. (КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту).
8. (КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту).
9. Программага катышууга акыркы электрондук өтүнмө катталган күндөн тартып 3 (үч) айдын ичинде түзүлүүгө тийиш, андай болбогон учурда түзүлгөн өтүнмөсү жок каттоо МИКтин веб-сайтынан өчүрүлөт;
1) электрондук өтүнмөнү ар бир өзгөртүүдө жана кароонун ар бир этабында Программанын катышуучусуна кабарлоо уюлдук телефон номерине, электрондук почтасына жөнөтүлөт, ошондой эле Программанын катышуучусунун электрондук порталдагы жеке кабинетинде тиешелүү маалымат жайгаштырылат;
2) МИКтин веб-сайтында катталган жарандар электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү ар кандай платформалар, анын ичинде уюлдук операторлордун мобилдик тиркемелери аркылуу аралыктан онлайн-идентификациялоо жол-жобосунан өтө алышат.
10. (КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту).
11. Программага катышууга электрондук өтүнмөнү жана жарандардын жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугунун түп нускаларын/электрондук формасын алгандан кийин МИК электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ушул Тартиптин тандоо критерийлерине шайкештигин текшерүү үчүн Программанын катышуучусу жана жубайы жана Программанын катышуучусунун жашы жете элек балдары жөнүндө зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдардан сурайт.
12. МИК тарабынан Программанын тандоо критерийлерине шайкештигин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча МИКтин автоматташтырылган маалыматтык системасында Программанын катышуучуларынын электрондук тизмеси түзүлөт.
13. МИКтин автоматташтырылган маалыматтык системасындагы Программанын катышуучуларынын электрондук тизмелери турак жайды каржылоо механизмине жараша каралат:
- өнөктөш банктар МИКтин автоматташтырылган маалыматтык системасындагы Программанын катышуучуларынын электрондук тизмесин карайт, "Топтомо ипотека" продуктун кошпогондо, катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоодон кийин ипотекалык кредитти берүү же ипотекалык кредитти берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
- МИК автоматташтырылган маалыматтык системадагы Программанын катышуучуларынын электрондук тизмесин карайт жана кароонун жыйынтыгы боюнча кийин сатып алуу менен турак үйдү ижарага берүү (баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алат.
(КР Президентинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ N 323 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
14. Турак жайды каржылоого кайрылбаган катышуучулардын электрондук өтүнмөсүнүн жарактуу мөөнөтү 1 (бир) жылды түзөт.
4-глава. Кийин сатып алуу менен турак үйдү
ижаралоо шарттары
№ | Параметрлер | Эскертүү |
1 | Программанын катышуучусу (максаттуу топ) | Турак жайды каржылоо багыттары боюнча тандоо критерийлерине туура келген жарандар: - "Социалдык ипотека"; - "Жеңилдетилген ипотека"; - "Арзан ипотека" |
2 | Максаттуу багыты | МИКтин турак жай фондунан кийин сатып алуу менен турак үйдү ижаралоо |
3 | Ижара предмети | МИКтин турак жай фондунан даяр же курулуп жаткан турак үй. Турак үй иштеген региондо берилет, ушул эле учурда: - Бишкек шаарында иштеген катышуучуларга республиканын региондорунда турак үй берүүгө жол берилет; - республиканын региондорунда иштеген катышуучуларга Бишкек шаарында турак үй берүүгө жол берилбейт |
4 | Ижара мөөнөтү | Ижаранын максималдуу мөөнөтү - 25 (жыйырма беш) жылдан ашык эмес (каржылоо булактарына жараша) |
5 | Валюта | Кыргыз сому |
6 | Менчик укугунун ижарачыга өтүү мөөнөтү | Төлөө мөөнөтү бүткөндө же турак үйдүн толук наркы мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн учурда. Пландуу төлөө графигине ылайык ижара төлөмдөрү төлөнгөндөн кийин 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде ижара объектин ижарачынын менчигине тариздөө мөөнөтү |
7 | Турак үйдүн наркы | МИКтин акционеринин (директорлор кеңешинин) өзүнчө чечими менен төмөнкү көрсөткүчтөрдү колдонуу менен белгиленет: - каржылоо булактарынын наркы; - курулуш чыгымдары; -инфляциянын орточо жылдык деңгээли; -кыймылсыз мүлк рыногунун конъюнктурасы |
8 | Баштапкы төгүм (жеке салым) | Баштапкы төгүмдүн өлчөмү каржылоо булактарын, курулуштун же даяр турак үйдү сатып алуунун наркын эске алуу менен МИКтин өзүнчө чечими менен белгиленет |
9 | Комиссиялардын түрлөрү жана өлчөмү | Башкаруу үчүн кандайдыр бир комиссиялык жыйымдар жок. Ай сайын ижара төлөмдөрүн кабыл алуу үчүн комиссия - өнөктөш банктын тарифтерине ылайык |
10 | Катышуучунун чыгымдары | - мамлекеттик каттоо органынын тарифтерине ылайык кийин сатып алуу менен ижара келишимин тариздөө жана каттоо; - турак үйдү камсыздандыруу; - кредиттик таржымалы жөнүндө маалымат алуу үчүн суроо-талап |
11 | Ижара акысы | Пайыздык ставкалардын эквивалентиндеги ижара наркы, ошондой эле ислам каржылоо принциптери боюнча турак жай менен камсыздоо механизмдери боюнча үстөк баа боюнча жылдык кирешелүүлүк, төмөнкүдөй багыттарга ылайык: - "Социалдык ипотека" жылдык 4 (төрт) %; - "Жеңилдетилген ипотека" жылдык 4 (төрт) %; - "Арзан ипотека" жылдык 8 (сегиз) % |
12 | Камсыздандыруу | "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ижарадагы объекттерди милдеттүү түрдө жыл сайын камсыздандыруу |
13 | Катышуучунун, катышуучунун жубайынын кредиттик таржымалы | - учурдагы мөөнөтү өтүп кеткен милдеттенмелердин жоктугу; - карыздын суммасын өндүрүү, ошондой эле кредиторлордун пайдасына мүлккө камак салуу жөнүндө соттордун чечим чыгарган учурларынын жоктугу |
14 | Турак үйдү ижарага берүү боюнча шарттарды өзгөртүү | Үч айдан кем эмес өлчөмдөгү сумма төлөнгөн шартта ижара турак үйүн сатып алуу мөөнөтүн азайтууну эске алуу менен (ижарачынын каалоосу боюнча) учурдагы график боюнча келечектеги төлөөнүн эсебине ижара акысын төлөө мүмкүнчүлүгүнө жол берилет |
5-глава. Турак үйдү үлүштүк куруу аркылуу каржылоонун
шарттары
№ | Ипотекалык кредиттин параметрлери | Эскертүү |
1 | Программанын катышуучусу (максаттуу топ) | Турак үйдү үлүштүк куруу механизми боюнча тандоо критерийлерине туура келген бардык жарандар |
2 | Максаттуу багыты | Турак үйдүн үлүштүк курулушун андан ары каржылоо үчүн баштапкы төгүмдү берүү. Турак үйдүн курулушу аяктагандан кийин, МИК катышуучу менен турак үйдү кийин сатып алуу менен ижара келишимин түзөт |
3 | Баштапкы төгүм (жеке салым) | Баштапкы төгүм турак үйдүн наркынан 50 (элүү) %дан кем эмес |
4 | Турак үйдүн наркы | МИКтин акционеринин (директорлор кеңешинин) өзүнчө чечими менен төмөнкү көрсөткүчтөрдү колдонуу менен белгиленет: - каржылоо булактарынын наркы; - курулуш чыгымдары; - инфляциянын орточо жылдык деңгээли; - кыймылсыз мүлк рыногунун конъюнктурасы |
5 | Ижара акысы | Пайыздык ставкалардын эквивалентиндеги ижара наркы жылдык 8 (сегиз) % |
6 | Валютасы | Кыргыз сому |
7 | Ижара мөөнөтү | Ижаранын максималдуу мөөнөтү - 15 (он беш) жылдан ашык эмес (каржылоо булактарына жараша) |
6-глава. МИКтин өнөктөш банктары аркылуу ипотекалык
кредит берүүнүн шарттары
№ | Ипотекалык кредиттин параметрлери | Эскертүү |
1 | Программанын катышуучусу (максаттуу топ) | Турак жайды каржылоо багыттары боюнча тандоо критерийлерине туура келген жарандар: - "Социалдык ипотека"; - "Жеңилдетилген ипотека"; - "Арзан ипотека". "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында - турак үйдү үлүштүк куруу механизми боюнча тандоо критерийлерине |
2 | Ипотекалык кредиттин максаттуу багыты | Турак үйдү сатып алуу, жер участогу бар болсо, этабы менен каржылоо механизмин пайдалануу менен турак үйдү (жеке турак үй) куруу. Катышуучу иштеген региондо турак үйдү сатып алуу үчүн кредит берилет, ошол эле учурда: - Бишкек шаарында иштеген катышуучуларга республиканын региондорунда турак үйдү сатып алуу үчүн кредит берүүгө жол берилет; - республиканын региондорунда иштеген катышуучуларга Бишкек шаарында турак үйдү сатып алуу үчүн кредит берүүгө жол берилбейт. "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында - турак үйдү үлүштүк куруу механизмин пайдалануу менен турак үйдү сатып алуу |
3 | Ипотекалык кредитти берүү формасы | Катышуучунун өнөктөш банктагы банктык эсебине акча каражаттарын чегерүү аркылуу накталай эмес форма |
4 | Ипотекалык кредитти берүү мөөнөттөрү | Өнөктөш банк тарабынан катышуучуга ипотекалык кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 15 күнгө чейинки мөөнөттө |
5 | Ипотекалык кредиттин валютасы | Кыргыз сому |
6 | Ипотекалык кредиттин суммасы | Ипотекалык кредиттин суммасы зайымчынын төлөө жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен, ошондой эле МИКтин өнөктөш банктар менен башкы макулдашууларынын жоболоруна ылайык кредиттик келишим түзүлгөн датага карата сатып алынуучу турак үйдүн рыноктук наркына жараша белгиленет. "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында - сатып алынган турак үйдүн наркынан 20 (жыйырма) %дан ашык эмес |
7 | Ипотекалык кредиттин мөөнөтү | Максималдуу мөөнөтү каржылоо булактарына жараша 25 (жыйырма беш) жылдан ашык эмес; - "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында - 5 (беш) жылга чейин |
8 | Ипотекалык кредиттин суммасын аныктоо критерийлери | Ипотекалык кредитти берүүнүн суммасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын жана өнөктөш банктын ички документтеринин талаптарына ылайык төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоонун негизинде аныкталат. "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында - МИКтин өнөктөш банкында ачылган депозиттик эсепте катышуучунун баштапкы төгүмү турак үйдүн наркынан 30 (отуз) %дан кем эмес болгон шартта төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоосуз |
9 | Комиссиянын түрлөрү жана өлчөмү | Кепилдик фонддордун ипотекалык кепилдигин баштапкы төгүм катары пайдалангандыгы үчүн комиссиядан тышкары, ипотекалык кредитти башкаруу үчүн эч кандай комиссия жана башка кошумча жыйымдар жок |
10 | Катышуучунун чыгымдары | Ипотекалык кредитти алуу үчүн күрөө келишимин тариздөө жана каттоо, ошондой эле турак үйдү камсыздандыруу жана кредиттик таржымалы жөнүндө маалымат алуу үчүн суроо-талаптар үчүн чыгымдар |
11 | Турак үйдү камсыздандыруу | Ипотекалык кредиттин предмети болгон турак үй "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунда жыл сайын милдеттүү камсыздандырылууга тийиш |
12 | Ипотекалык кредитти төлөө тартиби | Ипотекалык кредитти жана пайыздарды төлөө кол коюлган кредиттик келишимге ылайык ай сайын жүргүзүлөт |
13 | Ипотекалык кредитти толугу менен же жарым-жартылай мөөнөтүнөн эрте төлөөнүн шарттары | Ипотекалык кредит толугу менен же жарым-жартылай мөөнөтүнөн эрте төлөнгөн учурда комиссия алынбайт |
14 | Ипотекалык кредитти реструктуризациялоо шарттары | Өнөктөш банктын ички талаптарына ылайык жол-жоболор |
15 | Баштапкы төгүм (жеке салым) | Багыттар боюнча, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча турак жай менен камсыздоо механизмдери боюнча баштапкы төгүмдүн минималдуу суммасы: - "Социалдык ипотека" турак үйдүн наркынан 10 (он) %дан кем эмес; - "Жеңилдетилген ипотека" турак үйдүн наркынан 20 (жыйырма) %дан кем эмес; - "Арзан ипотека" турак үйдүн наркынан 20 (жыйырма) %дан кем эмес. Катышуучунун жеке салымы болбогон учурда өнөктөш банктын ыктыяры боюнча кошумча күрөөнү берүүгө, ошондой эле кепилдик фонддорунун финансылык инструменттерин колдонууга жол берилет. "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында - катышуучунун МИКтин өнөктөш банкында ачылган депозиттик эсебинде турак үйдүн наркынын 30 (отуз) % пайызы: - катышуучу тарабынан аныкталган мезгил ичинде топтолгон шартта салымдын мөөнөтү 6 айдан кем эмес; - салымдын мөөнөтү 3 айдан кем эмес - топтоо эсеби ачылар замат ага турак үйдүн наркынан 30% өлчөмүндө акча каражаты бир жолу салынган шартта |
16 | Ипотекалык кредит боюнча пайыздык ставкалар | Ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставкалар, ошондой эле ислам каржылоо принциптери боюнча турак жай менен камсыздоо механизмдери боюнча үстөк баа боюнча жылдык кирешелүүлүк, төмөнкүдөй багыттарга ылайык: - "Социалдык ипотека" жылдык 4 (төрт) %; - "Жеңилдетилген ипотека" жылдык 4 (төрт) %; - "Арзан ипотека" жылдык 8 (сегиз) %. "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында - жылдык 10 (он) % |
17 | Ипотекалык кредитти камсыз кылуу (күрөө) | Ипотекалык кредитти камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр колдонулушу мүмкүн: - сатып алынган турак үй; - жеке турак үйдү куруу мезгилиндеги жер тилкеси; - ипотекалык кредиттин эсебинен курулган жеке турак үй; - курулуш мезгилинде үлүштүк курулуш келишиминин шарттарында курулуп жаткан турак жайга мүлктүк укук; - ипотекалык кепилдик. МИКтен кошумча каржылоону тартпастан, зайымчынын өздүк каражаттарынын эсебинен турак үйдүн жалпы аянтын көбөйтүүдө мурда колдонулган мамлекеттик программалардын алкагында кредиттөөнүн белгиленген шарттарын сактоо менен ипотекалык кредиттин күрөө предметин алмаштырууга жол берилет. "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында - МИК менен өнөктөш банктын ортосунда кызматташуу жөнүндө түзүлгөн макулдашууга жана гарантия/кепилдик келишимине ылайык МИКтин гарантиясы/кепилдиги |
(КР Президентинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ N 323, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык )
|
| Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибине тиркеме |
Форма
Жеке маалыматтар субъектинин өзүнүн жеке маалыматтарын чогултууга, иштеп чыгууга жана берүүгө МАКУЛДУГУ
Мен, _______________________________________________________________________
(аты-жөнү)
_________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасында берилген ИЖН
_________________________________________________________________________
Ким экендигин күбөлөндүргөн документ (документтин түрү)
_________________________________________________________________________
Сериясы, номери, берилген (берилген күнү, берген органдын аталышы)
_________________________________________________________________________
Иш жүзүндө жашаган дареги
_________________________________________________________________________
Катталган жеринин дареги
_________________________________________________________________________
Байланыш телефону
_________________________________________________________________________
Электрондук почтасы
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чынгыз Айтматов проспекти, № 1 дареги боюнча жайгашкан "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна операциялардын төмөнкүдөй түрлөрүн жасоого эркин, аң-сезимдүү түрдө, өз эрким менен макулдук берем:
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунан, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан, кредиттик бюролордон менин жеке маалыматтарымды жана жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрүмдүн жеке маалыматтарын сурап алууга;
- менин жана жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрүмдүн жеке маалыматтарын иштеп чыгууга (аткаруу ыкмасына карабастан, жеке маалыматтардын кармоочусу (ээси) тарабынан же болбосо анын тапшырмасы менен жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылуучу ар кандай операция же операциялардын топтому);
- жеке маалыматтарды "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык үчүнчү жактарга (жеке маалыматтардын кармоочусу (ээси) тарабынан) берүүгө;
- жеке маалыматтарды трансчек аралык берүүгө (жеке маалыматтардын кармоочусу (ээси) тарабынан башка мамлекеттердин юрисдикциясында турган жеке маалыматтардын кармоочуларына берүүсү).
Менин үй-бүлөмдүн жашы жете элек мүчөлөрү (аты-жөнү):
1. _______________________________________________________________________
2. _______________________________________________________________________
3. _______________________________________________________________________
4. _______________________________________________________________________
5. _______________________________________________________________________
Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды турак жай программасына катышуу үчүн иштеп чыгуу максатында берем.
Адамды идентификациялоо жана кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды текшерүү боюнча автоматташтырылган электрондук система аркылуу суроо-талаптар боюнча чыгымдарды төлөөгө милдеттенем жана система каттоодон баш тарткан учурда, жүргүзүлгөн суроо-талаптарга акы төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтурууга милдеттенем.
Ошондой эле төмөнкүлөрдү ырастайм:
1) "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартиби жана формасы менен тааныштым;
2) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук бул макулдашууга кол коюлган күндөн тартып турак жай программасына катышууга менин арызымды/кайрылуумду кароонун бардык мөөнөтүнүн ичинде колдонула тургандыгы менен тааныштым;
3) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук эркин формадагы жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде чакыртып алынышы мүмкүн экендиги менен тааныштым;
4) макулдук кайтарылып алынган учурда менин жеке маалыматтарымды иштеп чыгуу "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 15-беренелерине ылайык толук же жарым-жартылай улантылышы мүмкүн экендиги менен тааныштым;
5) берилген документтер жана көрсөтүлгөн маалыматтар анык, турак үйгө кредит берүү программасынын катышуучуларын тандоо критерийлери, ошондой эле ипотекалык кредит берүү шарттары жана турак үйгө карата талаптар менен тааныштым;
6) төмөнкү себептер боюнча мобилдик тиркемелер аркылуу жеке маалыматтарды издөөгө макулдук берүү мүмкүнчүлүгү жок:
_________________________________________________________________________
Жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы укуктар жана милдеттер тууралуу мага түшүндүрүлдү.
20___-жылдын "___" ______________ ______________________________________
(аты-жөнү)
__________________________________
(колу)
Тапшырылган документтердин аныктыгын ырастайм жана туура толтурулгандыгын текшердим.
20___-жылдын "___" ______________ _____________________________________
(ыйгарым укуктуу жактын аты-жөнү)
__________________________________
(колу)