Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-августу № 481
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Апааттык медицина кызматын (Медициналык кызмат) түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө бейтапкана шарттарында медициналык кызмат көрсөтүү жана алгачкы медициналык-санитардык жардам берүү, жарандардын ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жарактуулугун аныктоо үчүн аскердик-дарыгердик экспертиза жүргүзүү, өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткан калкка өз убагында жана натыйжалуу медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 23 "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктуна, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 12-беренелерине, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Апааттык медицина кызматы (Медициналык кызмат) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Апааттык медицина кызматы (Медициналык кызмат) жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 508 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жободо:
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АДКсы.";
- 18-пункттун биринчи абзацы "аймактык командачылыктын колбашчысынын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин" деген сөздөр менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 5-пункттагы "3911", "2119" деген цифралар тиешелүү түрдө "3882", "2148" деген цифраларга алмаштырылсын.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токой чарбасы чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пунктунун 2-пунктчасы;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 396 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
2) бул токтомду ишке ашырууну Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ