Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 4-июлу № 198
Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-2026-2027-жылдарга карата болжомдуу планын бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин күн тартибиндеги маселе Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2025-2026-2027-жылдарга болжолдуу көлөмү “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин”, мыйзамдардын негизинде түзүлүп, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясында каралып, талкуулангандыгын эске алып, Кадамжай шаардык мэриясынын каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсун угуп жана талкуулап, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын 2025-2026-2027-жылдар үчүн негизги параметрлеринин болжолу 2025-жылга кирешелер жана чыгашалары 83934,9 миң сом өлчөмүндө, 2026-жылга кирешелер, чыгашалар 92539,8 миң сом өлчөмүндө, 2027-жылга кирешелер жана чыгашалары 103383,9 миң сом өлчөмүндө жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Абдыразаков |