Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2024-жылынын 30-июлу № 43
“Каргалык айыл өкмөтүнө тиешелүү мүлктөрдүн реестрин кароо жөнүндө”
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1- пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнө тиешелүү мүлктөрдүн реестри тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистери тарабынан Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын 07.05.2024 - жылдагы отурумунун кабыл алынган №6 протоколунун негизинде Каргалык айыл өкмөтүнүн негизги каражатында турган, бирок пайдаланууга мүмкүн болбогон мүлктөрдү чыгыштоо боюнча иш жүргүзүлбөгөндүгү белгиленсин жана 2024-жылдын 1- сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курамында Каргалык айылдык кеңешинин депутаттарынан, муниципалдык ишкананын адистеринен кошулган комиссия түзүлүп, чыгыштала турган мүлктөрдү аныктоо жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы : | Т.И. Токтоболотов |