Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 4-июлу № 199
Кадамжай шаардык кеңешинин 2024-жылдын 24-майындагы № 193-токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кадамжай шаардык кеңешинин 2024-жылдын 24-майындагы № 193-токтомуна төмөнкүчө өзгөртүүлөр киргизилсин:
“Кадамжай жайыты” муниципалдык ишканасын ачуу, штаттык бирдигин жана типтүү Уставын бекитип берүү жөнүндө.
2024-жылдын 24-майындагы № 193-токтомуна 1, 2-пункттар киргизилип, төмөндөгүдөй болуп окулсун:
1. Кадамжай шаардык мэриясына “Кадамжай жайыты” муниципалдык ишканасын ачууга уруксат берилсин.
2. “Кадамжай жайыты” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
Токтомдун 1-пункту 3-пункт болуп окулуп, төмөндөгүдөй өзгөртүлсүн:
3. “Кадамжай жайыты” муниципалдык ишканасынын типтүү Уставы бекитилсин.
4. Токтомдун экинчи пунту төртүнчү пункт болуп окулсун.
Кадамжай шаардык Кеңешинин тѳрагасы: | А.Абдыразаков |