Загрузка документа…
2024-жылдын 4-июлу № 200
Кадамжай шаарынын Кара-Жантак участкасындагы логистикалык борборго акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши “Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылга түзүлгөн иш планындагы Кара-Жантак участкасындагы логистикалык борборго акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө” маселени жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жантак участкасындагы логистикалык борборго 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кадамжай шаардык Кеңешинин тѳрагасы: | А.Абдыразаков |