Загрузка документа…
2024-жылдын 4-июлу № 202
“Кыргыз геология” мамлекеттик ишканасынын “Алай геофизикалык партиясына” тиешелүү мейманкананын жана дүкөндүн имаратын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
“Кыргыз геология” мамлекеттик ишканасынын “Алай геофизикалык партиясына” тиешелүү мейманкананын имаратын жана дүкөндүн имаратын Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүн камсыздоо максатында, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын Таш-Кыя айылындагы Геологдор көчөсүндө жайгашкан “Кыргыз геология” мамлекеттик ишканасынын “Алай геофизикалык партиясына” тиешелүү мейманкананын жана дүкөндүн имаратын Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Аталган мейманкананын жана дүкөндүн имаратын Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүү иштерин жүргүзүү жагы шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментине жүктөлсүн.
3. Тиешелүү иштерди жана юридикалык документтерин бүткөрүү жагы Кадамжай шаардык мэриясына тапшырылсын.
Кадамжай шаардык Кеңешинин тѳрагасы: | А.Абдыразаков |