Загрузка документа…
2024-жылдын 4-июлу № 204
Муниципалдык менчиктеги объектерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругу менен бекитилген “Муниципалдык менчиктеги объектерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө” типтүү жобогоылайык иштелип чыккандыгын эске алып, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын муниципалдык менчигиндеги объектерди пайдалагууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
Кадамжай шаардык Кеңешинин тѳрагасы: | А.Абдыразаков |