Загрузка документа…
2024-жылдын 4-июлу № 205
Муниципалдык менчикти ижарага берүү
жөнүндө
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында “Муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, Кадамжай шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 204 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө” жобонун 8-главасына ылайык, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруунун алкагында, Кадамжай шаарынын мэри Бегалиев Бакытбек Турдалиевич ушул токтомдун тиркемесине ылайык, муниципалдык мүлктү Бизнес-өнөктөш Боджаев Максатбек Гыламжанович тандалып алынган экономикалык ири долбоорун ишке ашыруу үчүн ижарага берсин.
2. Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиев белгиленген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө Келишим түзсүн жана мүлктү кабыл алуу актынын негизинде өткөрүп берсин.
3. Бизнес-өнөктөш Боджаев Максатбек Гыламжанович:
- өткөрүп берүү-кабыл алуу актында көрсөтүлгөндөрдү белгиленген тартипте ижарага кабыл алсын;
- ижарага алынган мүлктү максаттуу пайдаланышын камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинде кабыл алуу-өткөрүп берүү актында көрсөтүлгөн имаратты, курулманы жана кыймылдуу мүлктү ижарага алуу келишимин белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин Регламент, мыйзамдуулук, этика жана мамлекеттик кызмат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кадамжай шаардык Кеңешинин тѳрагасы: | А.Абдыразаков |