КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2024-жылынын 30-июлу № 46
““Каргалык айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 25- июль № 01- 6/424 чыгыш сандуу катын кароо жөнүндө (беренеден беренеге жылдыруу).”
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1- пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Башкаруу тармагынын 3111- курулмаларды куруу беренесинен - спорт зал курууга каралган акча каражаттан үнөмдөлгөн - 800,0 миң сомду, Казарман айылындагы Демилге жана Бердалиев көчөлөрүнүн ички жолуна шагыл төшөө жана труба коюуга каралган акча каражаттан үнөмдөлгөн- 214,0 миң сомду, бардыгы болуп 1014,0 миң сомду, бала бакча тармагынан 2212- байланыш кызматы беренесинен үнөмдөлгөн 14,0 миң сом акча каражатты, төмөндөгү беренелерге; башкаруу тармагынын 3111- курулмаларды куруу беренесинен үнөмдөлгөн 1014,0 миң сомду, Каргалык айылдык кеңешинин 05.06.2024-жылдагы кезектеги VI сессиясынын №33 токтому менен жылыштырылып кеткен Чет-Булак айылынын муз аянтчасынын 500,0 миң сом акча каражатын кайрадан башкаруу тармагынын 3111- курулмаларды куруу беренесине -500,0 миң сомду, Кара - Суу айылындагы кийим тигүүчү цехке алына турган инвентарга каралган 514,0 миң сомду кайрадан башкаруу тармагына 3112 - жабдууларды алуу беренесине -514,0 миң сомду, бардыгы болуп 1014,0 миң сомду жылдырып, бала бакча тармагынан 2212-байланыш кызматы беренесинен үнөмдөлгөн 14,0 миң сом акча каражатты - 2215- ар кандай чыгымдар беренесине 14,0 миң сомду Е-кызмат акысын төлөөгө жылдырып, башкаруу тармагынан - Каргалык айылдык кеңешинин 29.12.2023-жылдагы кезектеги XXV сессиясынын №93 токтому менен 2231-коммуналдык чыгымдарга (таштанды чыгаруу) каралган 18,0 миң сом акча каражаттын беренеси туура эмес болгондуктан 2215- ар кандай чыгымдар беренесине таштанды чыгарууга -18,0 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
- Мектеп тармагына - Каргалык айылдык кеңешинин 29.12.2023 - жылдагы кезектеги XXV сессиясынын №93 токтому менен 2231- коммуналдык чыгымдарга (таштанды чыгаруу) каралган 72,0 миң сом акча каражаттын беренеси туура эмес болгондуктан 2215- ар кандай чыгымдар беренесине таштанды чыгарууга -72,0 миң сом акча каражатты жылдырып, бала - бакча тармагына - Каргалык айылдык кеңешинин 29.12.2023-жылдагы кезектеги XXV сессиясынын №93 токтому менен 2231-коммуналдык чыгымдарга (таштанды чыгаруу) каралган 90,0 миң сом акча каражаттын беренеси туура эмес болгондуктан 2215-ар кандай чыгымдар беренесине таштанды чыгарууга -90,0 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
- Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага жана бөлүм башчысы Г.Э.Өзүкановага милдеттендирилсин.
- Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы : | Т.И. Токтоболотов |