Загрузка документа…
2024-жылдын 4-июлу № 206
Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 2-июлундагы 01-03-1185 номери менен чыгышталган “Кадамжай шаарынын аймагына керектелүүчү материалдарды сатып алуу үчүн 3112 статьясына кошумча акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө” кайрылуусу
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 2-июлундагы 01-03-1185 номери менен чыгышталган “Кадамжай шаарынын аймагына керектелүүчү материалдарды сатып алуу үчүн 3112 статьясына кошумча акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө” кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын аймагына керектелүүчү материалдарды (электр жабдыктары, түнкү жарыткычтарды ж.б.) сатып алуу үчүн 3112 статьясына кошумча 1 600 000 (бир миллион алты жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кадамжай шаардык Кеңешинин тѳрагасы: | А.Абдыразаков |