Загрузка документа…
2024-жылдын 4-июлу № 208
Сары-Талаа участкасындагы ФПСтин жерлерин Кадамжай райондук айыл-чарба өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүп берүү үчүн актысын жасатууга акча каражат ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 2-июлундагы 01-06-1187 номери менен чыгышталган “Сары-Талаа участкасындагы ФПСтин жерлерин Кадамжай райондук айыл-чарба өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүп берүү үчүн актысын жасатууга акча каражат ажыратып берүү жөнүндө”
кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Талаа участкасындагы ФПСтин жерлерин Кадамжай райондук айыл-чарба өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүп берүү үчүн актысын жасатууга 340 000 (үч жүз кырк миң) сом акча каражат ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кадамжай шаардык Кеңешинин тѳрагасы: | А.Абдыразаков |