Загрузка документа…
2024-жылдын 4-июлу № 209
Молдо Нияз көчөсүнө заманбап жабык типтеги бассейин куруу үчүн жер тилкесин даярдоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине негиз, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз көчөсүнө заманбап жабык типтеги бассейин куруу үчүн жер тилкесин даярдоого 1 600 000 (бир миллион алты жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кадамжай шаардык Кеңешинин тѳрагасы: | А.Абдыразаков |