Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXVII сессиясы
2023-жылдын 1-сентябры № 194/27-8
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 24.04.2023-жылдагы №164/22-8 сандуу жана 06.07.2023-жылдагы №179/25-8 сандуу токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 29-августундагы №01-19/2268 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2023-жылдын 24-апрелиндеги №164/22-8 сандуу жана 2023-жылдын 6-июлундагы №179/25-8 сандуу токтомдоруна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына Талас шаарынын О.Шамбетов көчөсүндөгү жалпы аянты 6,5 га түзгөн жер аянтына парк куруу иштерине бөлүнгөн 10 514 443 сом жана 15 603 768 сом жалпы 26 118 211 сом, Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадиондун капиталдык ондоп түзөө иштерине бөлүнгөн 15 000 000 сом акча каражаттары “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын 3111 чыгымдар беренесине которулуп каржылансын.
- Талас шаарынын ички көчөлөрүнө канализация, таза суу системаларын курууга жана жергиликтүү жамааттардын демилгелерин колдоо үчүн өздүк салым катары бөлүнгөн 12 703 000 сом акча каражатынан 1 853 000 сому Талас облусун өнүктүрүү фонду аркылуу “Таза Суу” муниципалдык ишканасына эксковатор сатып алууга өздүк салым катары Талас шаарынын мэриясынын 3112 чыгымдар беренесине которулуп каржылансын жана калган 10 850 000 сом акча каражаты Талас шаарынын ички көчөлөрүнө канализация, таза суу системаларын куруу иштери үчүн Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын 3111 чыгымдар беренесине которулуп каржылансын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага | К.Джаныбеков |