Редакцияот 03.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз  I сессиясы

 

2024-жылдын 3-апрели №12/106

Миӊ-Булак айыл аймагында, дем берүүчү грант менен өткөн долбоорлордун өздүк салымына,  акча каражат кароо жөнүндө  

 

 

            Күн тартибиндеги маселе боюнча, Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн финансы иштери экономиканы өнүктүрүү жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн  башчысы       К. Үсөнбековдун  баяндамасын угуп жана талкуулап,  Миң-Булак айыл аймагынын  айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз  I  сессиясы токтом кылат;

 

1.  Миӊ-Булак айыл аймагында дем берүүчү грант менен өткөн долбоорлордун өздүк салымына төмөндөгүдөй акча каражаты каралып, бөлүнүп берилсин.

    

№

Дареги

Бөлүм (раздел)

Курулуш

Өздүк салымга

1

Оттук айылы

70111

Кичи футбол аянты

1571,0 млн.

2

Миӊ-Булак айылы

70911

Сырымбет-Ата бала бакчасы

2926,0 млн

3

Эчки-Башы айылы

70921

Жусуп Иманалиев орто мектеби

2847,4 млн

4

Эмгекчил айылы

70111

Ак-Марча каналы

187,3 миӊ

5

Куйбышев айылы

70111

Кол өнөрчүлүк цех

3850,0 млн

6

Оттук айылы

70111

А.Алымкулов атындагы канал

249,3 миӊ

 

Жалпы:

 

 

11631000

 

         2. Ушул  токтом,  каттоодон  ɵткɵрүлүп minbulak/ org/kg   веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

 

        3.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиевге  милдеттендирилсин.    

 

  

 

 

Тѳрага

А.  Жамангулов