Редакцияот 01.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXVII сессиясы

 

2023-жылдын 1-сентябры № 195/27-8

 

“Талас шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-декабрындагы №234/35-7 токтому менен бекитилген “Талас шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобосу, Талас шаарынын мэриясынын 07.06.2023-жылдагы №01-19/1390, 17.08.2023-жылдагы №01-19/2155, 23.08.2023-жылдагы №01-19/2213,23.08.2023-жылдагы №01-19/2212, жана 23.08.2023-жылдагы №01-19/2209 сандуу каттарынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Карагулова Кыял Эсеновнага, Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу Шаршекеев Уразбек Рыспековичке жана эмгек ардагери Берембаева Мира Асанбековнага “Талас шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

2. Кабылалынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына ( А.Сариева) тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова) тапшырылсын.

 

 

  

Төрага

                  К.Джаныбеков