Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-январы № 1814-VII
"2023-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" долбоору үчүн Экономикалык өнүктүрүү максатында кызматташуу фондунан берилүүчү насыя боюнча Корея Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Макулдашууну жана 2023-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кореянын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну (EDCF атынан Өкмөттүк агенттик) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 10-ноябрындагы чыг. № 18-9442) "2023-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" долбоору үчүн Экономикалык өнүктүрүү максатында кызматташуу фондунан берилүүчү насыя боюнча Корея Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Макулдашууну жана 2023-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кореянын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну (EDCF атынан Өкмөттүк агенттик) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.Сыдыгалиев |