Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXVII сессиясы
2023-жылдын 1-сентябры № 196/27-8
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 11.02.2022-жылдагы №71/10-8 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 04.05.2023-жылдагы №176/23-8 сандуу токтому, Талас шаардык маданият бөлүмүнүн 06.07.2023-жылдын №01-5/35 жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 02.06.2023-жылдагы №01-5/28 чыгыш сандуу каттарынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин №71/10-8 сандуу “Талас шаардык маданият бөлүмүнө Маалымат кызматын ачуу жана анын 4 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
3. Кабылалынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына ( А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага | К.Джаныбеков |