Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2024-жылдын 27-июну № 42
Кара-Бак айылынынСай участкасындагы 51,0 га сугат айдоо жерге суу чыгаруу үчүн каражат бөлүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айылынын Сай участкасына көпүрө курууга бөлүнгөн 150 000 сом акча каражатын, Сай участкасындагы 51,0 га сугат айдоо жерге суу чыгаруу үчүн сарптоого макулдук берилсин.
2. Кара-Бак айылынын 2024-жылдын 3-кварталында жергиликтүү бюджетке түшкөн кошумча кирешенин эсебинен Сай участкасына көпүрө куруу үчүн 150 000 сом акча каражаты ордуна койулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кенештин төрайымы | Ж.Шадиманова |