Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2024-жылдын 27-июну № 40
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылындагы “Жайлоо” бала бакчасынын башчысынын эмгек акысын төлөп берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылында Р. Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулган “Жайлоо” бала бакчасынын башчысына 2215-статьядан (түрдүү чыгымдар) 2023-2024-жылдар үчүн 20 000 сом маяна төлөп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кенештин төрайымы | Ж.Шадиманова |