Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2024-жылдын 27-июну № 44
Алты-Адыр участкасындагы 280,0 га жер аянтын “айыл чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиш бактар” түрүнө которуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 сандуу токтомун жана “Кыргызмамжердолбоор” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 20.03.2024.01-13/1379, 25.04.2024.01-13/1861, 25.04.2024.01-13/1862 сандуу аныктамасынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы №163, №685, №581, №651, №669, №671, №679, №683-контурларында жайгашкан 280,0 га жер аянтынын түрүн которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр участкасындагы кунардуулугу төмөн болуп эсептелген
№ 163-контурундагы 27,90 га таштуу жайыт жер
№ 685-контурундагы 12,10 га таштуу жайыт жер
№ 581-контурундагы 114,0 га таштуу жайыт жер
№ 651-контурундагы 29,0 га таштуу жайыт жер
№ 669-контурундагы 67,0 га таштуу жайыт жер
№ 671-контурундагы 9,0 га таштуу жайыт жер
№ 679-контурундагы 8,0 га таштуу жайыт жер
№ 683-контурундагы 13,0 га таштуу жайыт жер жалпы аянты 280,0 га жер аянтын “таштуу жайыт жерлер” түрүнөн “айыл чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиш бактар” түрүнө которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кенештин төрайымы | Ж.Шадиманова |