МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2024-жылдын 3-апрели №12/108
Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү Б.Кошалиев, Нарын облустук делегациянын курамына киргизилгендигине байланыштуу, Туркия мамлекетине иш сапарга барып келүүсүнүн чыгымына, акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн финансы иштери экономиканы өнүктүрүү жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы К. Үсөнбековдун баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миӊ-Булак айыл аймагын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, 2024-жылдын 28-январынан 2-февралына чейин Туркия мамлекетине бара турчу облустук делегациянын курамына киргизилгендигине байланыштуу, Нарын районунун Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Кошалиевдин катышуусу камсыз кылынсын жана иш сапарга чыгуу чыгымына акча каражаты каралып берилсин.
2.Ушул токтом, каттоодон өткөрүлүп веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышы, Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн финансы иштери экономиканы өнүктүрүү жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы К.Үсөнбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Жамангулов |
|
|