Редакцияот 08.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 8-июлу ПЖ № 180

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 557 "Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө системасын жакшыртуу жана билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу боюнча айрым чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын экономикалык негизин жакшыртуу, алардын кызматкерлерин социалдык колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 557 "Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө системасын жакшыртуу жана билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу боюнча айрым чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров